Понедельник , 17-Декабрь 2018
Башкы бет / Досье / “Сулууларга суктанууга акым бар”

“Сулууларга суктанууга акым бар”

Сулууларды Соцөнүгүүдөн көп көрөм,

Сурмаларды, көз электен өткөрөм.
Жылмаңдаймын баарысына тийишип,
Жыйырмамда мен мынчалык валерьянка ичпегем
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, менде да бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Саякатка суктанууга акым бар.

Өлөң чачты Соцөнүгүүдөн көп көрөм,
Толкуп-ташып ошол замат өзгөрөм.
Оолукканды сурабагын, айтпагын,
Отуз жашта мен мынчалык корвалол ичпегем
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Саякатка суктанууга акым бар.

Кыркма чачты Соцөнүгүүдөн көп көрөм,
Кызыгамын, күйүп-жанып өрттөнөм.
Кыялымда жанашамын бир басып,
Жаш кезимде мынчалык кола ичпегем.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.

Элнура Кулуева

(Ыр автордун ФБдагы барагынан алынды).

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс