Понедельник , 17-Декабрь 2018
Башкы бет / Аналитика / Абдыганы Эркебаев: “Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло”

Абдыганы Эркебаев: “Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло”

Маараке

Гезитибиздин өткөн санында, баш калаабыздын Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканасында, заманыбыздын залкар инсаны, көрүнүктүү коомдук, саясый ишмери, белгилүү илимпоз, академик Абдыганы Эркебаевдин 65 жылдык мааракесине карата “Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло” деген темада конференция өттү. Мына ошол конференцияда кыргыз элине белгилүү инсандардын, саясатчы, депутат, илимпоздордун сүйлөгөн сөздөрүн окурман журтуна жеткирүүнү туура көрдүк.

Абдыганы Эркебаев:

«Жыйырма жети жылдан бери, Кудай таала, биздин кыргыз элибизге акылман, даанышман жакшы падышаны буйрубаптыр…»

Силерге бир-эки — жагдайды кыска эле айтып коёюн деп алдын ала чыгып жатам. Чын дилимден айтсам, мен юбилей, маараке өткөрүү дегенге такыр жокмун. Анча жактыра бербеймин. Албетте колдон келсе мааракелерди өткөргөндөр бар, ага ичти кенен салыш керек. Өнүккөн мамлекеттерде тескерисинче баары өтө сарамжалдуу, баарысы үнөмдүү жашайт. Август айынын акырында, аялым менен машинада баратсам Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашова телефон чалып: ”Абдыганы агай, сиздин мааракеңизге байланыштуу конференция өткөрүүнү максат кылып жатабыз,”-деп калды. Китепканада да мааракемди өткөрүү оюмда жок болчу. Мен чынында чочуп кеттим да: “Ой, бул боюнча менин оюмда жок эле. Мен элүү жылдыгымды, алтымыш жылдыгымды белгилеген адам эмес элем. Өткөрүүгө даяр эмесмин… ”-дедим. Чынында күткөн эмес элем. Бирок, китепкананын жетекчилиги, “Абдыганы Эркебаевич, кантсе да, сиз көрүнүктүү коомдук саясый ишмерден башка, чыгармачыл инсан, илимдин адамысыз,”- деп бир-эки сүйлөшүүдөн кийин, менин макулдугумду алышып көндүрүштү. Башында каршы туруп, акыры макул болууга аргасыз болдум.

Учурдан пайдаланып, Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын жамаатына, жетекчилигине ушундай жолугушууну өткөрүп жаткандарына чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Бирок, бул жерде мен сыйлаган, урматтаган ардактуу аксакалдар Апас Жумагулович отурат. Келгенин көрүп ыраазы болдум. Медеткан Шеримкулович бир аз кечигип келди. Ага чейин Амангелди Мурсадыкович келип отурду. Кыргыз элине төбөсү көрүнгөн аттуу-баштуу, акылдуу адамдары да мааракелерин өткөрүшкөн эмес. Балким ар кандай кырдаалды, шартты эске алышса керек. Эми, ал башка кеп. Тууган-урук, бала-чака, жакын достор менен кыйышпас адамдар менен тар чөйрөдө чай ичип коюш болду. Расмий түрдө өткөргөнүм жок. Бул адамдардын алдында уялам. Ошон үчүн мен алгач китепканада өткөрүүгө да каршы болуп, «ушул ишти тим эле койсоңор» деп көгөргөнүм да ошондон болчу. Менин өмүрүмдүн көпчүлүк учуру китепканаларда өттү десем туура болот.

Студенттик куракта Чернышевский атындагы китепканада эртең менен ачылгандан баштап, жабылган кезге чейин ошол китепканада отурчумун. Ал эми азыркы Алыкул Осмоновдун ысымын алып жүргөн бул китепкана кийин салынган. Жаш кезимде, кийин деле бош убактымдын көпчүлүк мезгили ушул китепканада өткөнүн азыр эстеп отурам. Ошол кезде мени таң калтырган нерсе, республикабызды чейрек кылым башкарган, мурдагы жетекчилерибиздин бири Турдахун Усубалиевдин ушул китепканада ары-бери басып, өзүнө керектүү китептерди, газеталарды алып, окуп отурганын көрүп биз таң калчубуз. Ошондо, кызматтан кеткен Турдахун Усубалиевич 66 жашта экен. Китепканадан көрүп, саламдашып койчубуз. Турдахун Усубалиевич, башка жетекчилердей курнамысчыл болбой китеп окуп иштеп отурганын көрүү биз үчүн кызык болчу. Өзгөчө Турдахун Усубалиевичтин китепканада жүргөнү мага таасир эткен эле. Өзбек туугандарда башкармалыктан түшсө, эртеси барып набайчы болуп иштей беришет. Алар мындай нерсени намыс көрүшпөйт. Ал эми бизде андай эмес. Ошол жашында Турдахун Усубалиевич, эртеден кечке иштеп жүрүп сегиз томдук китебин, эскерүүлөрүн жазды. Бизде министр, губернатор, аким эмес бригадир кызматтан түшсө бир ай көчөгө чыкпай, элден корунуп үйүндө отуруп алган учурлар болгон.

Китеп көргөзмөнү бир сыйра карап чыктым. Арасында баары толук эмес экен, “Дружба народов”, “Вопросы литературы”, жана башка союздун басмаларынан чыккан журналдар, китептер, гезиттерге чыккан материалдарды шайлоо учурунда эл билсин деп шайлоочуларга таратып жиберген экенмин. Алар эми жок. Коомдук саясый иштерде отуз жылга жакын иштептирмин. Азыркы учурда, эки китебим типографияда басууга даярдалып жатат. Бир айдын ичинде чыгып калат деп отурам. “Азаттыктын азаптуу жолу”, бул менин алтымыш беш жылдыгыма берген отчётум деп билем. Жараткан Кудай билет, мен эми саясатка барамбы, жокпу аны билбейм. Ал өтө татаал нерсе. Бирок, жыйынтыктап койдум деп айтсам болот. Анткени, азыр шайлоолорго акча каражаты көп кетет, андан да көп күч керек. Биздин мамлекеттин өз алдынча республикага айланганына 27 жыл болду. Ушул жерде отурган жаштарга айткым келет, ал эми аксакалдар жакшы билишет. Мени өкүндүргөн нерсе, биздин жаш мамлекетибизге 27 жыл болду. Бирок, өкүнүчтүүсү, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин арасында биздин мамлекеттик статистикалык маалыматтарга таянып карап көрсөңүздөр, дүйнөдөгү эң жарды, эң жакыр мамлекет катары Кыргызстан экени белгилүү. Ал тургай КМШ мамлекеттеринин арасында да артта турабыз. Адамдардын, балдардын өлүмү боюнча да алдыда турабыз. Ушунча жылдар ичинде мен да ар кандай жогорку кызматтарда иштедим эле, мамлекетти башкарууда жетекчи болдум эле деп кээде өкүнөм. Мамлекетти эмне үчүн ушундай абалга жеткирдик деп ойлоном, көп учурда кейип да кетем. Ушулар туурасында көп ойлоп, көп толгоном… Өзүмдү да айыптуу сезип кетем. Мунун үч себебин мындайча көрөм. Биринчиден, Жыйырма жети жылдан бери, Кудай Таала биздин кыргыз элибизге, акылман, даанышман, жакшы падышаны буйрубаптыр. Экинчиден, бийлик башына келген өлкө башчысынын баары эле эмес ачык эле айтайын, бийликке жетип алган соң өлкөнү ойлобостон, мамлекетти ойлобостон өздөрүнүн жеке керт башын ойлошту. Үчүнчүдөн, менчиктештирүүдөн мамлекетке пайдасы да, кайтарымы да болгон жок. Колхоздун башкармалары, заводдун, фабрикалардын директорлору, ж. б. жетекчилери өлкөнүн байлыгын болбогон акчага талап-тоношту. Президент болгон адам өзү таза болуп, элине бардык жагынан үлгү болушу керек. Жыйырма беш жыл түрмөдө отуруп чыккан ЮАРдын президенти Манделланы карагылачы? Махатми Ганди Индияны эркиндикке чыгарды, бирок өзү үстүнө кийген бөз, бутундагы сандалиси менен тарыхта калды. Үйү да жок эле. Тилекке каршы бизде башкачараак. Иштегендин ордуна той-топур, ысырапкорчулук болуп жатат. Бизде президент болгондордун салган үйлөрүн карагылачы! Дүйнөдөгү эң бай өлкө АКШ, Германия, Япония, жана башка өнүккөн мамлекеттерде өлкөнүн казынасына кол сала алышпайт, керек болсо ар бир тыйынын эсептешет. Алардын президенттери, өкмөт башчылары расмий сапарларга барышпайт. Уруксат да беришпейт, барышса да өтө аз чыгышат. Бир эки жолудан гана уруксат берилет, ал эми бизде каалаган учурунда самолёт менен дүйнө жүзүн кыдырып жүрүшөт. Бул деген мамлекетибиздин казынасы, элибиздин акчасы да. Мамлекетти алдыга сүйрөп, элибиздин жашоосун оңдоонун жолун издеп табыш керек. Ар бир бийлик башына келген өлкө башчысы, өзүнүн элиңдин алдында улуу максаттарды коюп, өзүңдүн мамлекетиң, элиң үчүн күнү-түнү иштеш керек. Ырахмат сиздерге…

Апас Жумагулов:

«Абдыганы Эркебаев мыкты жетекчи катары, саясаттагы оор салмагы, көп жылдык бай тажрыйбасы менен Илимдер академиясын сактап калды»

Абдыганы — Эркебаевдин басып өткөн жолун жалгыз гана китепкананын кичинекей залында эмес, официалдуу түрдө филармониянын чоң залында олуттуу салтанат менен өткөзүүгө татыктуу инсан. Ошондой иш чараны өткөрүүгө Абдыганы Эркебаевдин илимпоз, академик, көрүнүктүү саясый ишмер катары элине жасаган эмгеги жол бермек. Анын басып өткөн жолу ошондой мамиле кылууга акылуу деп ойлойм. Абдыганы Эркебаевичти мен көп жылдардан бери билем. Өзгөчө өкмөт ишине келгенде, министр, вице-премьер-министр, Ош областын башкарып жүргөн кезден баштап жогорку кызматтарды аркалады. Жогорку деңгээлдеги, жооптуу кызматтардын башында жүргөндө аз убакыт болсо да пикир алмашып жүрдүк. Бул кишинин илимпоз катары эмгектери, басып өткөн жолу кийинки муундагыларга үлгү болчу адам. Кийинки муундагыларга жеткиришибиз керек деп ойлойм. Абдыганы Эркебаевич менен мен алгач жолукканда ал Илимдер Академиясында орчундуу институттун директору болуп турган экен. Абсамат Масалиевич институттун жаңы жетекчиси менен таанышып келели деп чукул жерден айтып калды. Анан экөөбүз барып таанышып, бетме-бет отуруп сүйлөшкөн элек. Балтика боюндагы союздук республикаларда, Москванын өзүндө коммунисттик партиянын кереги барбы, жокпу деп маселе коюп жатышкан болчу. Өткөн жолубуз туура болдубу, жокпу деп талаш-тартышка түшүп, сынга алынган кез эле. Ошол жерде Абсамат Масалиевич үчөөбүз бир сааттай сүйлөштүк. Абсамат Масалиевич суроолорду биринин артынан экинчисин берип жатты, ал эми Абдыганы Эркебаевич такалбай жооп берип жатты. Ошондо эле Илимдер академиясынын көйгөйлүү маселелерин көтөрүп чыкканы эсимде.

Биринчи жолугушууда эле Абдыганы Эркебаевичтин өз ою бар сезимтал, өзүнүн бекем позициясы бар окумуштуу, келечеги бар жетекчи катары көргөнмүн. Ал кезде мен деле жаш элем, ал эми Абдыганы Эркебаевич өтө эле жаш болчу. Кандай гана жолду басып өтпөдү. Ош областында губернатор болуп иштеп жүргөндө, өзүн такшалган жетекчи катары көрсөтө алды. Анткени система кыйрап, элдин аң-сезими өзгөрүп колхоз, совхоздор четинен ыдырап жаткан мезгил эле. Ошондой оор кырдаалда элди артынан эрчитип кетүү кыйын кезде областын губернаторунун түздөн-түз милдети болчу. Ош областын башкаруу Абдыганы Эркебаевич үчүн жогорку кызматтарда иштеп кетишине чоң мектеп болду десем да болот. Бул киши чарбачыл адам деп айткым келбейт, анткени ал табиятынан, ички дүйнөсүнөн илимдин адамы. Күчтүү окумуштуу. Мен билгенден Улуттук Илимдер Академиясынын президенти болуп барганы абдан туура болду. Анткени, Абдыганы Эркебаев мыкты жетекчи катары, саясаттагы чоң салмагы, көп жылдык тажрыйбасы менен Илимдер академиясын сактап калды. Бул бир күндүк же оңой иш эмес эле. Илимдер академиясы элибизге бүгүн да, эртең да керек. Академияны жоюп жиберүүгө көп деле акылдын кереги жок. Жаштарды илимге студент кезинен тартыш зарыл деп ойлоймун. Сиздин басып өткөн жолуңуз бизге да, артыбыздан келе жаткан жаштарга да, өлкөгө да керек. Сиздин “Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло,”-деген сөзүңүз эле эмне баа жеткис байлык. Абдыганы Эркебаевич, сиз дагы токсон тогуз жашыңызга чейин элибизге, мамлекетибизге иштеп беришиңиз керек. Калганын Кудай өзү айтат…

Медеткан Шеримкулов, легендарлуу парламенттин төрагасы:

«Жакында Кыргызстанга демократия келет. Партократ Усубалиев кызматтан кетти, эми Масалиев, Жумагулов, Шеримкуловдор баарыңар кетесиңер деген демократтардын арасында Эркебаев да бар болчу»

Абдыганы — Эркебаевичтин илимпоздугу жөнүндө айтышты, ал эми экөөбүз саясаттагы үзөңгүлөш болдук. Абдыке менен 1986-жылы тааныштым, ошондон бери саясатта тилектеш да, үзөңгүлөш да болуп келатабыз. Алгач, мага өзү келип калды. Ал кезде Абсамат Масалиевич республиканын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болчу. Абсамат Масалиевичке чакырылган адамдар жакшы пикирлер менен барат эле. Кызмат бериши мүмкүн деп. Ал эми, Апас Жумагуловичке барган адамга кредит бериши, башка нерселер бериши мүмкүн. Мага келген адамдар титиреп келишчү. Ал кезде Турдахун Усубалиевич баш болуп партиядан чыгарылып жатышкан учур эле. Абдыганы Эркебаевич кара-тору келген тоголок жигит болчу. Сүйлөшүп отуруп ачыктыгы, реалисттиги менен мага жагып калды. Жакында Кыргызстанга демократия келет, партократ Усубалиев кызматтан кетти, эми Масалиев, Жумагулов, Шеримкуловдор баарыңар кетесиңер деген демократтардын арасында Эркебаев да бар болчу. Бул чындык сөз. Бул убакыттын аралыгында сүйлөшкөн кезде пикирлерибиз дал келип, кээ бир нерселерге карама-каршы келген учурлар да болду. Мен легендарлуу парламентти башкарып турганда, кыргыз тилин мамлекеттик тил кылып кабыл алууда Абдыганы Эркебаев мага арка бел болуп орус тилдүү депутаттарга каршы туруп берген. Орус, башка тилдеги депутаттар каршы болушуп, ал тургай “Силерге Сталин гана жетишпей турат!” дегендер да болгон. Ошого карабастан 350 депутат мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алып беришкен. Бул кайчы пикирлер деле экөөбүздү алыстатып жиберген жок. Парламенттин депутаты, министр, вице-премьер-министр, губернатор, кайрадан Жогорку Кеңештин эки жолку төрагасы болдуң. Бийликтин бардык бутактарында иштеп, кызматтык бардык тепкичтерди басып өттүң. Сот бийлигине гана барган жоксуң, ал жакка барбай эле кой. Абдыганы сен жөнүндө канча саат сүйлөсөк да болот. Ошого татыктуу элиңе ак эмгек кылып бердиң. Акыркы кезде Илимдер Академиясын жок кылып, анын имараттарына кызыккан күчтөр болду. Сен ошол илимдер Академиясын сактап калдың. Абдыганы Эркебаевдей залкар инсаныбыз, көрүнүктүү коомдук саясый ишмер, академик менен сыймыктаналы. Ичи таардык кылбай, адамдын эмгегин баалай билели. Менден кийин да каалоо тилектерин, жакшы сөздөрүн айтам деп тургандар да бардыр.

Султан Раев, Кыргыз эл жазуучусу:

«Чыңгыз Айтматов, Абдыганы Эркебаев баштаган интеллектуалдар биздин коомду, биздин мамлекетти, керек болсо ой жүгүртүүбүздү өзгөрткөн»

Урматтуу — Абдыганы Эркебаевич, сиздин 65 жылдык мааракеңиз менен Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун атынан чын жүрөктөн куттуктап койгонго уруксат этиңиз. Абдыганы Эркебаевич туурасында биздин аксакал агаларыбыз абдан сонун, маанилүү, маңыздуу сөздөрдү айтышты. Абдыганы Эркебаевич өз сөзүндө маараке өткөрүү туурасында, мага шаан-шөөкөт, салтанат өткөрүү мен үчүн керек эмес деген мааниде сөз айтып кетти. Мына бу китепте жазылгандай “Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло”-дегендей Абдыганы Эркебаевич сиз өзүңүзгө гана эмес өлкөгө керек адамсыз. Сиздин элиңизге жасаган бай эмгегиңизди элиңиз билиши керек, анткени сиз кыргыз эли өз эгемендүүлүгүн алган жылдардан бери өзүнчө феномени, өзүнчө тарыхын алып жүргөн адамсыз. Демократиялык баалуулуктарды элибизге алып келген тарыхый инсансыз. Мен драматург катары “Демократия” деген спектакль жаза турган болсом, анын башкы каарманы сиз болосуз. Анткени, Медеткан Шеримкулович, бул жерде Апас Жумагулович отурат. Абдыганы Эркебаевич мына сиздер кыргыз эгемендүүлүгүнүн авторлору, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын деклорациясын, элибиздин саясый өзөктүү маселелерин, тилибизден баштап, улуттук символдорго чейин кабыл алгандардын бири деп эсептейм. Ушундай тарыхый инсандарыбызга көзү тирүү кезинде баа беришибиз керек деп ойлойм. Абдыганы Эркебаевич сиз көп жылдар бою саясаттын казанында болдуңуз, кайнадыңыз. Абдыганы Эркебаевич, кыргыз саясатын сиздей интелектуалдык деңгээлиңиз, сиз багындырган бийиктиксиз элестете албайбыз. Чыңгыз Айтматов, Абдыганы Эркебаевич баштаган чоң интелектуалдар биздин коомду, биздин мамлекетти, керек болсо ой жүгүртүүбүздү өзгөрткөн. Ошолордун арасында сиздин барандуу эмгегиңиз бар Абдыганы Эркебаевич! Биз сиз менен сыймыктанабыз. Белинскийдин, “Биз Гоголдун шинелинен чыкканбыз”-деп айтканы бар эле. Мен дагы Абдыганы Эркебаевдин шинелинен чыккан адаммын деп айта алам. Абдыганы Эркебаевичтин чоң салымы, Кыргызстандагы басма сөз эркиндигинин атасы, кыргыздын Томас Джефферсону деп атап кетсем болот. Ал ошол сөзгө татыктуу адам. Абдыганы Эркебаевичтин демилгеси менен, Кыргызстанда биринчи жолу сөз эркиндиги, басма сөз жөнүндөгү мыйзамы кабыл алынган. Бирден бир автору деп айтсам да болот. Туурабы? Абдыганы Эркебаевич Кыргызстанда биринчи жолу эркин сөз маданиятын калыптандырган адам катары билебиз. Ошондон биз Орто Азиядагы “демократиялык аралча” деп аталып калганбыз.

Жанар Акаев, ЖКнын депутаты:

«Абдыганы Эркебаевич, мен сизге суктанам, бизге сиздин тазалыгыңызды берсе экен деп Жараткандан тилейм. Жүзүңүздүн жарык болуп жүрүшү бул чоң сыймык»

Сыртка — чыкканда, биз коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу жарандарыбыз өз ойлорун эркин айта алган демократиялуу мамлекетибиз бар экенине сыймыктанабыз. Балким биздин экономикабыз кубаттуу эмес, жакыр-кедей болушубуз мүмкүн. Биз эркин Кыргызстандын жарандарыбыз деп сыймыктана алабыз, бул сиздердин эмгегиңиздер деп айткым келет. Сиздер өз оюн эркин айта алган коомду калтырдыңыздар. Абдыганы Эркебаевич, мен дагы Алайдан боломун. 1986-жылы мен төрөлүптүрмүн. Кийин Алайдагы шайлоолорду көрүп калдык. Талапкерлердин таймашы абдан курч мүнөздө өтчү. Ошол кезде эле май, ун таратмай бар эле. Абдыганы Эркебаевич өзү талапкер болгон округдан акча, ун, май таратыптыр деген сөздү укканым жок.Ал өз идеясы, тазалыгы менен шайлоочуларды ынандырып, өз добушун алып Жогорку Кеңештин депутаты болуп жүрдү. Абдыганы Эркебаев 65 жашка чыктым, саясатка барбайм деп жатат. Бирок, мен сизге эки мисалды айтайын. АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп 70 жашында президент болду. Сиз кайда шашып жатасыз? Абдыганы Эркебаевич, сиздин мезгилиңиз эми келди. Малайзиянын президенти Махатхи 92 жашында өзүнүн партиясы менен келип өз өлкөсүн башкарып жатат. Сизге дагы саясатка келүүгө убакыт бар. Абдыганы Эркебаевич, мен сизге суктанам. Бизге сиздин тазалыгыңызды Жараткан берсе экен деп тилейм. Жүзүңүздүн жарык болуп жүрүшү, бул чоң сыймык. Мамлекетке эмгеги сиңбеген эле адамдардын отуз, кырк, элүү жылдыгына белектерибизди көтөрүп алып “Ала-Тоо” ресторанына барып жүрөбүз. Кутман курагыңыз кут болсун, оорубай-сыркабай бизге үлгү болуп жүрө бериңиз.

Кубанычбек Жумалиев,     ЖКнын депутаты:

«Илимдер академиясын сактап калууда зор эмгек кылдыңыз. Жалпы эл билбесе да биз ага күбөбүз»

Абдыганы — Эркебаевич, менден мурун сүйлөгөндөр сиз туурасында жакшы сөздөрүн айтышты. Мен дагы ошол ойлорго чын дилимден кошулам. Кыргыз адабиятын, илимин өнүктүрүүгө зор салым коштуңуз. Адабиятыбыз кандай болуш керек дегенге сиз өзүңүздүн сын макалаларыңыз менен жаштарды туура жолго салдыңыз деп билем. Ошон үчүн сизди сыйлап, урматтап келишет. Экинчиден, сиз мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөндөн баштап, вице-премьер-министр катары социалдык тармакта кантип өнүктүрүү керек деп жогорку кесипкөйлүк, адамдык бийик деңгээлиңиз менен туура багытка салганыңызды билем. Ал эми саясатчы катары Жогорку Кеңеште болобу, башка жыйындарда болобу, сиз дайыма акыйкатты айтуу менен өзгөчөлөнүп турчуусуз. Айткан сындарыңыз Аскар Акаевичти ынандыра алса, идеяларыңыз жакшы болсо туура кабыл алчу. Жаман көргөн адамды өткөөл учурда жашап кал дечү экен. Өткөөл учурда өзүңүздүн кеменгерлигиңиз, бийиктигиңиз менен социалдык тармакты туура жолго салдыңыз. Илимдер академиясын сактап калууда зор эмгек кылдыңыз. Жалпы эл билбесе да биз ага күбөбүз. Академияны жок кылууга аракет кылгандардын көзү кызарып кызыкканы эле, Илимдер академиясы жайгашкан имараттары болду. Алардын ойлору ушул кезге чейин калыптанып калган илимдин системасын бузуу болгон. Эки жылдан бери чыгармачылыкка баш отуңуз менен кирип, китеп жазып жатат деп уктум. Академияга башыңызды буруп, анын проблемаларын чечүүдө бул илимдин борбору болгон жер, мамлекетибиздин фундаменти деп шымалана күрөшпөсөңүз болбой калды. Илимдеги фундаменталдык түзүлүштү, бутуна туруп калган академияны сактап калалы. Бузуп коюш оңой, аны бутуна тургузуу өтө кыйын. Алтымыш беш жашта эми күчүңүзгө келип, акылга толуп турган убак эмеспи. Эң башкысы ден-соолугуңуз чың. Бүгүнкү күндө президентибизге кыйын, аны иштетпей эле ар кимиси ар жактан тартып жатышат. Абдыганы Эркебаевич, сизге ден-соолук каалоо менен албан-албан ийгиликтерди каалап кетем.

Абдылдажан Акматалиев, окумуштуу:

«Чыңгыз Айтматов да “Академия бул илимдин храмы, желек, гимн сыяктуу бул мамлекеттин символу,” деп айткан»

Абдыганы — Эркебаевич, сиз биздин сыймыгыбызсыз, дайыма бизге үлгү болуп келесиз. Сиздин адабият тармагында жасаган эмгегиңиз жаштарга өрнөк болду деп ойлойм. Сиз үчүн айта турган сөз аябай көп. Абдыганы Эркебаевич, Улуттук Академияны башкарып турганда мен вице-президент болуп гуманитардык тейлеп келдим. Чыңгыз Айтматов да “Академия бул илимдин храмы, желек, гимн сыяктуу, бул мамлекеттин символу” деп айткан. Чогуу иштешип, аманчылыкта, ден-соолукта бирге бололу.

Сыртбай Мусаев профессор:

«Студент кезибизде Абдыганы Эркебаевди “кыргыздын Белинскийи”  деп айтчубуз»

Бул жерде — Медеткан Шеримкулович, Апас Жумагуловичтер Абдыганы Эркебаевичти саясатка кичине оодара сүйлөп жатышат. Мен Абдыганы менен 1971-жылдан бери илимде үзөңгүлөш болуп келе жатам, мындайча айтканда студент кезимден бери деп айтсам туура болот. Москва шаарында үй-бүлө, бала-бакырабыз менен беш жылдай чогуу жүрдүк. Менден бир жыл мурун окуду. Абдыганынын саясый иштерге аралашып барып калганынын түпкү булагын айткым келип турат. Силерден айырмаланып, сөз айтпаса болбой калды. Медеткан Шеримкулович, туура айттыңыз Абдыганы тоголок келген жигит болчу. Ал кезде баарыбыз ичке, чыпалактай болчубуз. Алтымыш беш жашка келген кездеги кебетебиз ушул. Абдыганы экинчи курсунан баштап гезиттерге макалалары чыгып, Абдыганы Эркебаев болуп турган кези экен. Жумасына экиден макаласы “Кыргызстан маданияты”, “Ленинчил жаш” гезиттерине жарык көрүп турган. Ошол кезде “Эркебаевдин эмне макаласы чыгыптыр?”- деп киоскалардан издеп калчубуз. Абдыганы Эркебаев үчүнчү курсунда тиш кайрап калган илимдин докторлору, орустар айткандай “зубастый” сынчылар Кеңешбай Асаналиев, Качкынбай Артыкбаев, Абдыкадыр Садыковго окшогон өзүнүн агайлары, декандарынын сын боюнча илимий иштерин сындап, аларга тиш салганы эсимде. Абдыганы Эркебаевич элдин оозуна алынып калган кезде аты аталып кеткен агайларыбыз аны саясатка алып кетишти. Медеткан Шеримкулович, Апас Жумагуловичтер туура айтышты, Абдыганын өзүнүн бекем позициясы бар, чынды чын деп, калпты калп деп айткан түз позицияда жүргөн адам экенин көргөндөн кийин гана өкмөттүк, мамлекеттик кызматтарга тарта башташты. Анткени, Абдыганы Эркебаев сынчы, адабиятчы катары калыптанып элге таанылган. Мен ушул жаңы нерсени айткым келди. Студент кезибизде Абдыганы Эркебаевди “кыргыздын Белинскийи” деп айтчубуз. Анын ушундай даражага жетип, эл оозуна алынып кеткенине сыймыктанчубуз. Мына ошол жигит азыркы учурда мамлекеттик масштабдагы чоң кызматтарды аркалаган, жөн басып жүрбөй иш кылган белгилүү инсан. Кыргызстанда азгырыктар абдан көп. Мен сыйлаган Жанар иним айткандай, азгырыктарга азгырылбай өзүн таза кармады. Анын тазалыгы жалпы элибизди сыйлоого мажбур кылат. Бул жыйындын Абдыганына кереги деле жок. Мына бул залда отурган жаштарга керек. Бүгүн ушундай сөздөр айтылбаса жаштар кимден угушмак эле. Урматтуу досум, үй-бүлөң менен аман бол. Ден-соолугуң бекем болсун. Кыргыз элиңе бере турган иштериң көп, жакшылык болсун.

Төлөбек Абдырахманов, И. Арабаев атындагы университетинин ректору:

«Абдыганы Эркебаевич акылга толуп турган убагында жаштар үчүн, элибиз үчүн иштетип кала турган учур»

Мен кыска эле — айтайын деп турам. Бүгүнкү күндө, Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университети бактылуубуз. Анткени, биздин окуу жай кыргыз элинин өтө интеллектуалдык байлыгын туурубузга кондуруп алдык. Абдыганы Эркебаевич илимде да саясатта да элдин таразасында жүргөн белгилүү, дөөлөттүү инсан. Эки тарапта тең жакшы гана сөздөр айтылып келет. Бул кишинин интеллектуалдык байлыгы, энциклопедиялык билими андан башка агайыбыздын жеке, өтө бай китепканасы биздин окуу жайга кызмат кылганы жатат. Ал үчүн ырахмат айтабыз. Абдыганы Эркебаевич, биздин окуу жайдын гуманитардык борборун жетектеп жатат. Ал жерде ишке аша турган жакшы ой тилектерибиз бар. Абдыганы Эркебаевич акылга толуп турган убагында жаштар үчүн, элибиз үчүн иштетип кала турган учур. Агайдын айланасында чогуу иштеше тургандар болсо окуу жайдын эшиги ачык. Агай сизге ден-доолук иштериңизде ийгилик каалайм. Аман болуңуз…

Кеңеш Жусупов,                  Кыргыз эл жазуучусу:

«Абдыганы Эркебаевдин саясатка аралашпасын каалайт элем»

Мен Абдыганы — сыйлайм анан жакшы көрөм. Экөөбүздүн ортобузда адамдык, жазуучулук, чыгармачылык байланышыбыз бар. 1990-жылы Абдыганы депутаттыкка коюп калды. Төлөгөн Касымбеков экөөбүз Кара-Тейитке чогуу бардык. Ошондо мен бир нерсени байкадым. Кара-Тейиттин, Алайдын эли Абдыганы Эркебаевди абдан сыйлашканын көрдүм. Төлөгөн Касымбеков экөөбүз Абдыганы Эркебаевдин элибизге жасаган иштерин элге айтып бердик. Кыргыз элинин рухий маданиятына, илимге күйүп бышкан, акыл айткан, өз насаатын айткан, келечекке чакырып турган ушул Абдыганы экени талашсыз. Анын акыркы учурда жазган макала, эсселерин окуп ага ыраазы болуп отурам. Алтымыш, жетимиш жаш курагында кытайдын акылмандары көп эмгектерди жасашкан. Бул сенин учуруң. Абдыганыны Эркебаев саясатка аралашпасын каалайт элем. Рухий маданият, азыр элди ойготкон, ойлоткон гуманитардык багыттагы үгүт иштерди жүргүзгөн адам керек. Ал Абдыганы Эркебаев деп билем. Абдыганынын өмүрү узак болсун, иштерине тилек кылабыз. Кыргыз эл көп ийгиликтерди сенден күтөбүз.

Жолборс Жоробеков:

«Эркебаевдин тазалыгы, ак-үйдөгү бийлик башындагылардын түн уйкусун бузду»

Мен билгенден — Абдыганы союз кезинде “Кыргызстан маданияты”, “Ленинчил жаш” гезиттерине макала жазып, жума сайын 40 рубль калем акы алып турган. Ал кезде Ошко учуп барыш 14 сом эле болчу. Маңдай тери менен тапкан акчасы менен студенттик кезде кыйналган эмес. Мага чейин сүйлөгөндөр, Эркебаевдин тазалыгы боюнча айтып кетишти. Мамлекеттик чоң кызматтарда жүргөндө Абдыганы Эркебаевде да өзүнө менчиктештирип алууга абдан чоң мүмкүнчүлүктөр болгон. Мен билем, ал Ошто губернатор болуп жүргөн кезде, президенттик аппараттын башчысы келип, “Ушул обкомдун үйлөрүнүн бирөөсүн менчиктештирип албайсыңбы? Бишкекте болгону үч комната үйүң бар турбайбы?”-деп айтканда да Эркебаев макул болбой койгон. Ал үйдү башка бирөөлөр менчикке өткөрүп алышты го. Эң бай адам болуп кетүүгө Абдыганы Эркебаевде абдан чоң мүмкүнчүлүктөр болду. Бул жагынан да өтө тазалыгын, байлыктын кулу эмес экенин көрсөтө алды. Эркебаевдин тазалыгы ак үйдөгү бийлик башындагылардын түн уйкусун бузду. Ошон үчүн Акаевдин айланасында Рустенбеков, Садыркуловго окшогон адамдар жүрүштү.

Эркебаевди саясый сүргүнгө Ошко айдашты. Кийин кызматтан алып, ЖКнын депутаттыгына өткөрбөгөнгө аракет кылышты. Кыйла эле бут тосушту. Абдыганы Эркебаевдин тазалыгын билген карапайым эл Жогорку Кеңешке депутат кылып алышты. Мага чейин биздин урматтуу аксакалдар айтып кеткендей, Абдыганы Эркебаевдин тазалыгы, иштермандыгы жаштарга үлгү болушу керек. Ырахмат Абдыганы…

Осмонакун Ибраимов экс-мамкатчы:

«Адам катары, дос катары сенин чоң касиетиң мекениңе ак кызмат кылдың, сен эч нерсе уурдаган жоксуң»

Мен Жолборс — агабыздын сөзүн улантып кетким келип жатат. Абдыганы Эркебаев студент кезде макалалары көп, анан өтө катуу чыкчуу эле. Биздин факультеттин мактанычы, урматтаган студенти эле. Абдыганы бүтүндөй бир муундун, адабиятка келип кошулган сынчы, адабиятчы, окмуштуулардын лидери болчу. Мен муну ачык айтышым керек. Абдыганы Эркебаевди туурап бир топ сынчылар чыкты, ошолордун арасында мен да бар болчумун. Абдыганы чындыгында улуу адам. Себеби, Алайдан Фрунзеге келип окуйм деп жылаңайлак деп айтпайын, шлёпкасы менен келген деген легенда айтылып жүрчү. Мен аны көргөн жокмун. Кантип борборго келгенин элестете албаймын. Ошол Алайдын Кытай менен чектеш Кара-Тейит деген түпкүрүнөн келген жетим бала, окуу жайды эң мыкты баалар менен аяктаган. Албетте бул оңой нерсе эмес. Бир жолу Төлөгөн Касымбеков жазды дейт, жазуучулардын жыйын болуп жатат. Ал жерде Салижан Жигитов да бар. Ошондо Төлөгөн Касымбеков жанындагыларга карап: “Эй, мына бул баланы карасаңар, Чоң Алайдан келип алып, эми жазуучулардын арасына кирип алып, сакалына, беделине карабай чаң салып жатканын карабайсыңарбы?,”- деген экен. Анда Салижан Жигитов, “Ой булар, азыр жаш сынчы болуп жатышат, бул бөлтүрүктөр кийин бизге тиш салат,”- деген экен. Ошондой болгону чын. Саясат жагын айтсам, азыр жакшы нерсе болсо эле өзүбүзгө оодарып алабыз. Жаман болсо эле башка жакка оодарып салабыз. Баарыбызды өстүргөн, жанына алып жүргөн Акаев деген болчу. Бул чындык. Андай мындай дегенибиз менен аны тарых өзү териштирип ордуна коёт деген ойдомун. Абдыке, биз үй-бүлөлөрүбүз менен катташтыгыбыз бар. Эчен ирет, чай ичип, канчалаган кило туздарды таттык го дегендей эле бар. Жаштыкта чогуу болдук дегендей. Саясаттагы жолуң өтө байсалдуу болду. Жакшы адамдардын колдоосу менен ушул даражага жеттик. Жакшы, жаман жагы да болду, кээде адаштык, кээде көөп да кеткен учурларыбыз болду. Бул да турмуш экен. Аксакалдар менен кошо сүйлөп жатканым мага деле кызыктай болуп жатат. Абдыке сенин бир чоң касиетиң, сен жакшы адамсың. Адам катары, дос катары сенин чоң касиетиң мекениңе ак кызмат кылдың, сен эч нерсе урдаган жоксуң. Экөөбүздүн менчиктеп алган ресторан, заводдорубуз жок. Үй-бүлөлүк досторуң, бармактай кезибизден бери келе жаткан досторуң ден-соолуктан башка айтарыбыз деле жок. Абыке чоң илимге кайтып кел. Бала чакаң, досторуң, үй-бүлөң менен аман бол. Алар да бул жерде отурушат.

Амангелди Муралиев,                   экс-премьер-министр:

«Абдыганы досума окшогон эркектер көбүрөөк болсо Кыргызстан тез эле оңолуп, жакшы жолго түшөт»

Урматтуу — мааракеге катышып жаткан аксакалдар, жаштар! Эми, мен сүйлөгөнгө деле сөз калбай калды. Михаил Горбачевдун кайра-куруу мезгилинде мен Абдыганы Эркебаевич менен таанышып калдым. Ошол кездеги басма сөз эркиндиги бизге күч кубат берди. БКнын жыйындарында биз эркин ойлорубузду айта баштадык. Башында Абдыганы Эркебаев чыгат, анын артынан гана биз чыга баштайбыз. Азыр да бир эже “Амангелди жаш кезде курч элең, эмне картайып калдыңбы?”- деп айтты. Ошол жаш мезгилдеги дух, азыр деле бизде бар. Ошол нерсе бириктирип жатат. Азыр да реформаларды ойлош керек. Он жылдан бери орусча айтканда стогнация болуп жатат. Улан, кыздарыбыз темселеп Россия, Казакстанда иштеп жүрүшөт. Жумуш орундар жок, жумушсуздук күч алып жатат. Кыргызстанды сактап калыш үчүн бүгүн реформа болушу керек. Ошондо эле биз Абдыганы Эркебаев болуп реформа деп жүрчүбүз. Тарыхта ар кандай болот экен. Айтпай эле коёюн. Сизди илимге бар дешип, булар пенсияга чыгарып жатышат. Илим керек, сиз таланттуу илимпозсуз. Бизди бириктирген биздин тазалыгыбыз. Кудайга ырахмат! Чынында бизди Кудай сактап калды. Анан мен чындыкты айтайын, эркектер эркекче жүрүш керек. Саясаттагы эркектерди карагыла! Алар кимдер? Мен аларга түшүнбөйм, бир карасаң тиги жагына ооп турушат, бир туруп бул жакка ооп кетишет. Аларга мансап гана керек. Байлыктарын сактап калышты гана ойлошот. Сизге окшоп элди ойлошкон жок. Өзүңдү эмес, элиңди ойло деген ажатканада калды. Ошон үчүн Абдыганы Эркебаевич сиз менен сыймыктанам. Сиздей досум, коллегам бар деп мактанып жүрөм. Абдыганы досума окшогон эркектер көбүрөөк болсо Кыргызстан тез эле оңолуп, жакшы жолго түшөт.

Азимбек Бекназаров,        мурдагы Башкы прокурор:

«Жалал-Абаддын түрмөсүндө подвалда жатканымда Жогорку Кеңештин төрагасы Абдыганы Эркебаев жетинчи кабаттын тыйуу салганына карабастан менден кабар алып түрмөгө кирген киши»

Абдыганы аке — туурасында көп сөздөр айтылып жатат. Коммунист демократтар, академик демократтар, көчө демократтарынын атынан мага сөз беришти окшойт. Абдыганы аке, өзүнүн саясый карьерасында Коммунист демократтар менен легендарлуу парламентте 1990-жылдары иштеди. Академик демократтар менен өлкөнү башкарууда министр, вице-премьер-министр, губернатор, эки жолу Жогорку Кеңештин төрагасы болду. Бул жерде жаштар отурушат, алар коммунист демократтар, академик демократтар, көчө демократтары дегенге түшүнбөй калышы мүмкүн. Бир күндө коммунистер демократ болушту. Бир күндө академиктер өлкөнү башкарып калышты. Бир күндө келип көчө демократтары революция жасашып, мамлекетти ээлеп алышты. Бул биздин тарых. Себеби, мен жайы менен мамлекеттик архивде отурдум. Медеткан Шеримкулов баштаган легендарлуу парламенттин, легендарлуулугу эмнеде деп жазып жатам жакында чыгарам. Мен дагы кичине чиймелемиш болуп жүргөн адаммын. Чынында булар легендарлуу парламент болгон. Легендарлуу парламенттин, легендарлуу депутаты, илимпоз, жаш демократ Абдыганы Эркебаевич болгонуна, мен ошол архивдик материалдарды карап отуруп, ошого ынандым. Тагдыр экен, мен дагы Абдыганы аке менен Жогорку Кеңеште беш жыл бою бирге депутат болуп, мындайча айтканда чогуу классташ болуп отурдум. Башка нерселерин эмес, өзүмө тиешелүү нерсени айтайын.Жогорку Кеңештин депутаты экениме карабастан Жалал-Абаддын түрмөсүндө подвалда жатканымда Жогорку Кеңештин төрагасы Абдыганы Эркебаев жетинчи кабаттын тыйуу салганына карабастан менден кабар алып түрмөгө кирген киши. Мындай чечкиндүү кадамга көрүнгөн эле бара албайт. Ал эми коопсуздук кеңешинде Аксы окуясы каралып жатканда, жалгыз Эркебаев гана мамлекеттик чоң кызматта турганына карабастан, Акаевдин көзүнчө, “Эй, кылгылыкты кылып коюп, элдин канын төгүп коюп, эмнеге унчукпайсыңар! Күнөөнү моюнга албайсыңарбы!?”-деген киши ушул. Бул тарыхый сөз. Жаштар, бул жерде акасакалдар туура айтышты. Абдыганы Эркебаев эң биринчиден ал адам. Чыңгыз Айтматов: “Күндө адам болуу кыйын” –деп бекер жеринен айтпаса керек. Абдыганы аке, бар болуңуз адам болуңуз, өмүрүңүз жаштарга өрнөк болсун!

Жаңкороз Каниметов, экс-депутат:

“Абдыганы Эркебаевичти баалай, сыйлай билишибиз керек”

Кыргыз — республикасынын эгемендүүлүгүнүн тарыхы Абдыганы Эркебаев менен башталат. Мен дагы Эркебаевди отуз жылдан бери билем. Жогорку Кеңеште чогуу иштештик. Абдыганы Эркебаевич менден кичүү болсо да көп нерселерди үйрөндүм. Турмушта жеңип да, жеңилип да көрдүк. Абдыганы Эркебаевич да ошондой болду. Кай жерде иштебесин өзүнүн чыныгы демократтыгын, калыстыгын көрсөтө алды. Абдыганы Эркебаевичти баалай, сыйлай билишибиз керек. Биз сизди сыйлайбыз, урматтайбыз, мааракеңиз кут болсун!

Даярдаган

Бекен Назаралиев

Булак: “Жаңы ордо” гезити, №29, 28-сентябрь.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс