Пятница , 14-Декабрь 2018
Башкы бет / Дүйнө / Эмнеге Иран Американын жолугушуу тууралуу сегиз ирет кайрылуусун четке какты?

Эмнеге Иран Американын жолугушуу тууралуу сегиз ирет кайрылуусун четке какты?

Категория: Аналитика – Published: 29/09 – 12:16

Иран дипломаты: Иран менен Америка жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуулары болбойт.

ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, саид Хасан Мусавиян аль-Жазира агенттигине маек берип, Иран менен Америка жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуулары өтпөй калган себептерин төмөнкүдөй баяндады:
Дональд Трамп БУУнун быйылкы отурумунда чыгып сөз сүйлөөрдүн алдында өзүнүн Твиттер баракчасында мындай деп жазган эле: “Көптөгөн суроолорго карабастан, биз быйыл Иран президенти Хасан Рухани менен эч кандай жолугушуу өткөрүү программабыз жок. Балким жолугушуу келечекте болушу мүмкүн. Мен аны сүйкүмдүү адам деп ишенем.”

Белгилей кетсек, бул жарыя БУУнун алкагында эки тараптуу жолугушуу болооруна бир канча аптага созулган саясий көзөмөлчүлөрдүн ыктымал берүүлөрүнөн соң чыккан.
Эки тараптуу жолугушуу болбой калганы чын, бирок бул Трамптын өз Твиттеринде жолугушууну четке каккандыгы үчүн эмес, Иран өзү мындай шарттарда Америка менен диалог жүргүзүүгө барбагандыгы себептен болду. Иран бир жылдын ичинде Трамп өкмөтүнүн жолугушуу өткөрүү боюнча берген 8 сунушун четке каккан. Ал эми Хасан Рухани Нью-Йоркко болгон акыркы сапарында дагы Трамптын өкмөтү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүгө эч көңүлү жок экенин баса белгилеген.

Ал эми Ирандын Трамп менен диалог жүргүзүүнү каалабагандыгынын себептери  төмөндөгүдөй:

1-Американын Өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгып кетүүсүнө эч кандай далили жок болчу. Анткени бул келишим бир нече жыл созулган олутуу диалог жүргүзүүлөрдөн соң бекитилген эле.
2015-жылы Американын экс-президенти Барак Обама бул Өзөктүк келишимди БУУнун ачык текшерүү системасынан өткөндөн кийинки бекитилген келишим экенин билдирген. БУУ Ирандын Өзөктүк программасы тынчтык максатында экенин тастыктап, дүйнө жүзү боюнча жогорку юридикалык орган катары кепилдик берип, 2231-берененин негизинде бекиткен. Ал эми акыркы 3 жылдын ичинде Эл аралык энергетика агенттиги Ирандын өзөктүк келишимге туруктуу экенин бир канча ирет белгилеген. Андыктан Иран баардык убадаларын аткарып, дүйнө дагы муну комплекстүү келишим экенин айтып жаткан соң, кайрадан Өзөктүк маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзүүнүн кажети жок.

2-Дональд Трамп Иранды радикалдуу саясаттары жана согушчул маанайы менен диалогго тартып жатат. Америка Израилдин таасир астында Иранга каршы Жакынкы Чыгышта бир коалиция түзүүнү көздөйт. Андыктан Тегеран Трамптын чындап диалог жүргүзүү ниетине шектенүүгө акысы бар. Иран Американын сөз берүүсүнө  жана кол коюсуна да ишенбейт.

3-Американын учурдагы өкмөтү ИИРди таркатуудан башка максаты жок. Дональд Трапмтын негизги кеңешүүчү шериктери Жон Болтон, Майк Помпеого окшогон Иран каршылаштары экени айкын. Ошондуктан кайсы бир өлкө аны жок кылууну көздөгөн тарап менен диалог жүргүзүүгө бармак эле?!

4-Иран өз күчүн жоготууга алып бара турган Америка өкмөтү менен эмне үчүн диалог жүргүзүшү керек? Учурда Трамптын өкмөтү өзү да дүйнөгө шылдың болуп отурат. 2016-жылы Орусиянын таасири астында шайлоодо жеңишке жеткен деген божомолдор Трамптын келечекте (2020-жылы) кайра шайлануусуна күмөн жаратууда. Трамптын өз элинин колдоосуна ээ болуусу мурдагы өткөн 9 президенттен дагы эң төмөн.

БУУнун акыркы отурумундагы башка өлкөлөрдүн жетекчилеринин Трамптын сөздөрүнө какшыктап күлүүлөрү аныны аброюн дагы бир ирет түшүрдү. Андыктан Американын ички саясатынын жагымсыз шарттарынан улам Иран кийинки абройлуу президент келмейинче диалог жүргүзүү  ишин токтотуп турмакчы.

Албетте, кээ бир өлкөлөр Американын кысымы менен Иранга каршы санкцияларын уланта берсе дагы, айрым Орусия менен Кытайга окшош ири өлкөлөр өз келишимдеринде бекем турушууда. Мындайча айтканда, Иран буга чейин сабыр кылып келген жана дагы Америкага жаңы президент келмейинче 2 жыл  сабыр кылып турмакчы. Балким Трамп өзүнүн саясий ыкмасын өзгөртүп, Иранга карата тышкы саясатын оңдосо, Иран дагы диалог жүргүзүүгө кайра даярдыгын жарыялашы мүмкүн.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс