Среда , 17-Октябрь 2018
Башкы бет / Без рубрики / Кадрдык саясаттың кайда бара жатат,,,, өкмөт?

Кадрдык саясаттың кайда бара жатат,,,, өкмөт?

Алмаз Бейшеналиев деген мыкты кадр өкмөттөн кеткенин угуп ич ачышып кетти. Иштеп кыйратпагандардын ити чөп жеп жаткан заманда…… иш билги Алмаздай кадрлардын кереги жок болот ?????? . Сыртта билим алып келген мыкты кадрларды өгөйлөп жатсак анда өкмөтө дале өз кызыкчылыгына иштөөсүнө өбөлгө түзгөн топтор сайраңдап жатышкан экен да. 100 күндө эмес… 100 жылда да жыйынтык бере албаган өкмөт менен жашай беребиз.

Алмаз мырза жөнүндө маалымдама.

Кыргызстандагы эң жаш профессор Алмаз Бейшеналиев дүйнөдөгү эң алдыңкы 20 окуу жайга кирген Жонс Хопкинс университетинде окутуучу болуп эмгектенген жалгыз кыргыз. Ал Нарын университетинде окуп жүрүп Германиянын Штутгарт шаарындагы Людвигсбург педагогикалык окуу жайына которулган. 2007-жылы педагогика жана англис филологиясы багыттарында магистр наамын алган. Европадан Кыргызстанга кайтып келип, 400дөн ашуун бизнес мекеменин башын бириктирген Жаш ишкерлер ассоциациясын түптөгөн. Бейшеналиев 2012-жылы 30 жашында педагогика илими боюнча кандидаттык ишин жактаган, Варшава шаарындагы Вистула университетинде проректор болуп иштеген. 2013-жылы Америкадагы Жонс Хопкинс университетинде профессор катары эмгек жолун улаган. Ортодо Ататүрк-Алатоо университетинде проректор болуп иштеп, эми кайрадан дүйнөнүн алдыңкы 20 окуу жайына кирген Жонс Хопкинсте илим изилдөө менен алек.Алмаз ондогон илимий макалалардын, эки китептин, методикалык колдонмолордун автору. Алардын басымдуусу Кыргызстан менен АКШ мамилелерине, билим берүү тармагына багытталган. Ал постдокторлук ишин “Эгемендүүлүктөн бүгүнкүгө карай Орто Азия билим берүүсүндөгү өзгөрүүлөр” деген темада жазган.
“Жонс Хопкинс университетине экинчи жолу келишим. Эки жыл мурун постдокторантураны ушул жерде аяктагам. Жонс Хопкинс университети дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы он университеттин бири болуп эсептелет. Окуу жайдын конок профессор деген атайын изилдөө программасы бар. Ошол программанын негизинде бир жарым жылдык академиялык эргүү алып, ушул жерге келип иштеп жатам. Университеттин эл аралык байланыштар жана дипломатия боюнча факультети бар. Анда Орто Азия, Кавказ, Кытай тууралуу илимий изилдөөлөр жүрөт. Мен ошолордун бири болуп Орто Азиянын жүз жылдык тарыхына арналган бир китептин үстүндө иштеп жатам. Андан тышкары Орто Азиядагы тышкы саясат боюнча магистранттарга, аспиранттарга сабак берем”-дейт.

Элнура Кулуева

(Материал автордун ФБдагы барагынан алынды)

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс