Вторник , 16-Октябрь 2018
Башкы бет / Досье / БЕРЕШЕН БЕШ КЫРГЫЗ

БЕРЕШЕН БЕШ КЫРГЫЗ

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен ажылык баасы кыргызстандыктар үчүн эң арзан экенин ажылык ибадатын аткарып келген же аткарууну ниет кылып жаткандар баары эле билсе керек.
Мисалы, ажылык баасы Тажикстан үчүн 3600 доллар, Түркия үчүн 5500 доллар, ал эми Кыргызстан үчүн 2900 доллар.
Кыргызстандыктар үчүн Меккенин өзүндө “Кыргызстандыктар үчүн жатакана бекер” деп жазылган 10 чакты мейманкана бар.
Эмне үчүн?
Бул кызык тарых экен. 20-кылымдын башында Үркүндө үрккөнбү же башка себептер болгонбу, бир нече кыргыз Меккеге барып жашап калган экен. Колунда бар адамдар болгонбу же ошол Меккеден ирденип кетишкенби, ал жагы белгисиз, ошол кыргыздар Меккеден жер сатып алганга чейин жетишиптир.
Осмон империясы кулап, сауддар өздөрү Аравияда бийликти толук колуна алышат. Арабдар Кааба мечитин кеңейтүү ою менен мечит тегерегиндеги жерлерди сатып ала башташат. Жер ээлеринин көбү кудуңдаган бойдон жерлерин сатып жиберишет. Кыргыздар гана ойлонолу, жерге-жээк, кабырга менен кеңешели дешет. Жер ээлери болгон беш кыргыз кеңешип туруп, Кааба мечити үчүн жерди акысыз бермек болушат. Бирок ажылыкка келген кыргыздар үчүн жатакана АКЫР КЫЯМАТКА чейин бекер болсун деген шарт коюшат.
Бул берешен, момун кыргыздарга ыраазы болгон арабдар көз жашын көлдөтүп туруп, шерттешүүгө кол коюшат.
Ошондон бери Кыргызстандан ажылыкка барган канча момун мусулман болсо, алардын бардыгы үчүн жатакана бекер болуп келе жатат экен. Буйруса, АКЫР КЫЯМАТКА чейин акысыз боло берет.
Алладан Акыр Кыяматка чейин сооп алып турган 5 берешен азамат кыргыздар булар:

1. Торокул бай
2. Мухаммад Бакирхан
3. Истамкул Кушубак уулу
4. Бердибай уулу Рахмулла
5. Короз уулу Шады

Аллахым бул беш берешен кишиден ыраазы болсун.
Баса: бийлердин, байлардын, баласы бай чыккандардын же баласы бий чыккандардын тарыхын изилдегенди өзгөчө жакшы көргөн тарыхчы журту ушул берешен 5 кыргыздын тарых-таржымалын да изилдеп көрсө кызыктуу болчудай…

Нургазы Мусаев

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс