Пятница , 14-Декабрь 2018
Башкы бет / Досье / Шейх Сефи ад Дин Ардабили күмбөзү

Шейх Сефи ад Дин Ардабили күмбөзү

Жайгашкан жери: Иран, Ардабил облусу, Ардабил

Координаттар: 38° 14′ 53.97″ түндүктөн, 48° 17′ 29.55″ чыгыштан

Түрү: маданий

Катталуу критерийи: i, ii, iv

Катталуу номуру: 1345

Аймагы: Азия жана Тынч Океан

Тарыхча

Катталуу тарыхчасы: 2010-жыл (отуз төртүнчү жыйындын алкагында)

Улуттук катталуу маалыматтары

Улуттук катталуу номуру: 64

Улуттук катталуу тарыхы: 1932-жыл 5 январь

Шейх Сефи ад Дин Ардабили күмбөзү Ирандын түндүк батыш тарабындагы Ардабил шаарындагы тарыхый жана байыркы курулуш болуп саналат, ошондой эле тарыхый курулуш ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегине катталган.

Жогорку аймакта Шейх Сефи ад Дин Ардабилинин мүрзөсүнөн бөлөк, шах Исмаил I (Сефевиддердин алгачкы падышасы), Исмаилдин жубайынын (шах Тахмасптын энеси) жана башка Сефевид доорундагы шейхтердин мүрзөлөрү, Чалдаран согушундагы каза тапкан аскерлердин кабыры орун алган. Бул тарыхый комплекстин башка бөлүгүндө фарфоркана, мечит, кечилкана, шейит үйү жана чырак үйү жайгашкан.

Шейх Сефи ад Дин Ардабили эстелиги

Шейх Сефи үйү жана кечилкана Ардабил шаарында жайгашкан, шейхтин осуятына ылайык, анын сөөгү суу топтогуч бөлмө тараптагы бакчада көмүлгөн, ал жерде Шейх Сефи жана Исмаилдин күмбөзүнөн башка, Сефевид шах тукумундагы адамдардын жана алардын тукумдарынын сөөгүн көмүш үчүн атайын курулуш салынган. Бивак Жамеинин (2001-жыл) жазуусу боюнча, аталган эстелик комплексин 1334-жылы Шейх Сефи ад Диндин уулу Садр ад Дин Муса курган. Сефевиддердин башкаруу доорунун башталышы менен Сефевид шахтары өзүнүн ата тегин урматынын элесине комплекске жаңы курулуштарды салышкан. Өзгөчө шах Аббастын доорунда, Шейх Сефи ад Динге болгон урматын тастыктап анын кабырына көп ирет зыярат кылган, анын кол алдында тарыхый асардын ичиндеги толуктоо жана оңдоо иштери аткарылган. Сефевид доорунда, шейх эстелиги доордун залкар усталарынын кол алдында кооздолуп жасалгаланган, андан бери канча кылым өтсө дагы Ирандын бирден бир тарыхый жана маданий сыймыгы болуп сакталып келет.

Комплекстин уникалдуулугу болуп андагы өнөрчүлүктүн ар түрдүүлүгү саналат, анын ичинен жогорку деңгээлдеги мозаика иши, кооз жазууларды жана Сефевид доорунун атактуу каллиграфтарынын (Мир Амад, Мир Кавам ад Дин, Мухаммад Исмаил ж.б.) эмгектерин, күмүш иши, алтын жалатуу, сүрөттөр жана башка иштерди атасак болот. Бул тарыхый курулуш архитектуралык өзгөчөлүгү, көркөм өнөр үлгүлөрүнүн түрдүүлүгү менен Ирандын тарыхый комплекстеринен айырмаланып турат.

Ардабилдин кулашы Шейх Сефи ад Дин Ардабили кол жазма китепканасы Кажар доорунда Иран жана Орусия согушунда, Орустар аркылуу тонолуп жок болгон. Азыркы учурда китепканадагы кол жазмалардын Орусиядагы Санкт Петербург шаарынын музейинде сакталып турганы анык.

Эстеликтин азыркы таптагы абалы

Шейх Сефи ад Дин эстелигинин негизги кире бериши жана чатыры 1943-жылга чейин азыркы Аликапу аянтынын түндүк тарабында орун алган, ал эми курулуштун башка кире бериш жагы археология башкармалыгынын буйругу менен алынып салынган жана мозаика иштери эстеликтин буюмдар сакталган бөлмөсүндө сакталып турат. Аталган кире бериш тарабы шах Аббастын доорунда эстелик үчүн курулган жана сүрөтчү Исмаил Ардабилинин көзөмөлү алдында акырына чыгарылган. Азыркы учурда ал тарыхый курулуштун бир да бөлүгү сакталып калган эмес. Учурда Аликапу аянтына чыгыш тарабы менен кирсек тик бурчтуу ички короону байкоого болот. Анын айланасы кирпич дубалдар менен тосулган. Короонун чыгыш тарабында үстү ачык эшик курулган. Анын алдынан курулуштун негизги тарабына жол өтөт. Аталган жол курулуштун ичиндеги баардык бөлүмдөрдү бириктирип турат. Анын  каптал дубалдарына чатыр коюлган, бирок убакыттын өтүшү менен чатыр бузулуп, азыркы учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Андан сырткары тарыхый курулуштун тик бурч түрүндө салынган негизги короосу бар, анын ортосунда кичинекей көлмө орун алган. Байыркы заманда көлмөнүн ортосунда колго казылган кудук жайгашып, андан арканга байланган чака менен даарат алуу үчүн суу алынган. Булак азыркы учурда таш топурак менен көмүлүп калган. Шейх Сефи эстелигинин эң бир баалу буюмдарынын бири болуп Лондон шаарынын Виктория жана Альберт музейинде сакталып турган килем болуп саналат.

Жанет Сара мечити

Кире бериш тарабынын сол жагында Жанет сара мечити орун алган. Жанет Сара мечити сегиз тараптуу мейкиндикте пландалган жана анын төрдөгү отургучу эске алынган эмес. Жанет Сара мечитинин курулушунун негизги максаты, анын ичинде Суфий мааракелерин жана мистикалык жыйындарды өткөрүү үчүн салынганы божомолдонуп келет. Байыркы заманда Жанет Сара мечитинин күмбөзүнүн чатыры бар болчу, бирок Кажар доорунда урап калгандыктан, жыгач жана жалпак чатыр курулуп 16 тилке колоннага орнотулган. Мечитке кире бергенде эле алдыда короону көрүүгө болот, короонун каршы тарабында фарфор менен чапталган терезе орнотулган.

Чырак үйү (оңдоо)

Бул бөлүк чындыгында курулуштун негизги жагы, тактап айтканда кире бериш курулушунун карама каршы тарабында эки кабаттан турат. Чырак үйүнүн жогорку кабатында беш жыгач терезе жана беш терезе алдынкы кабатында өзгөчө бир кооздукту тартуулап турат.

Фарфоркана (оңдоо)

Фарфоркана чырак үйүнүн жана негизги кире бериштин чыгыш тарабында орун алган. Чыныкана имаратынын дубалдары жана анын чатырынын алды тарабы өтө кооз мозаикалар менен жабыштырылып үстүнө сүрөт тартылып алтын жалатылган. Түстөрдүн ар түрлүү гүлдөр жана сүрөттөр менен болгон гармониясы жана шайкештиги кандайдыр бир кереметтүү көз жоосун алган кооздукту жаратты. Бул жер Сефевиддердин доорунда алтын, күмүш жана Аббас шахтын Кытайдан буйрутулган идиштерин сактоочу бөлмө болгон.

Башпаанек үйү (оңдоо)

Шейх Сефи ад Дин Ардабилинин мүрзөсү Сефевиддер доорунда ыйык жерлердин бири болуп саналган жана башкалкалоо жери болгон. Эгер кимдир бирөө аталган жерде келген болсо, эгер шах тарабынан дарга асуу өкүмү чыгарылса да, ага эч ким кол тийгизип туткунга алууга укугу жок болгон. Мисал катары Султан Хусейнхан Шамлу өзүнүн жанын Исмаил Калыбек Шамлунун колунан сактап калуу үчүн күмбөзгө баш паанек издеп келген.

Китепкана (оңдоо)

1827-жылы Түркмөн чай тынчтык келишимдин алкагында шейх Сефи ад Дин Ардабили китепканасындагы кол жазмалардын баарысы Орусияга тийген зыяндын ордун толтуруу акысынын бир бөлүгү катары алынып кеткен.

Шейх Сефи ад Дин эстелик комплексиндеги башка бөлүктөр (оңдоо)

Бивак Жаминин (2001-жыл) “Сарих ул Малик” китебине ылайык шейх Сефи ад Дин Ардабили эстелиги төмөндөгү бөлүктөрдөн турат:

  1. Храм жана Дор ул Хафаз
  2. Шах тукумундагылардын күмбөздөрү, Дор ул Хафаздын чыгыш тарабы
  3. Дар ул Хадистин бет маңдайындагы Чоң балкон, шах Исмаилдин дооруна таандык тарыхый эстеликтер, ал эми чыгыш жана батыш тарабында Сефевид шейхтеринин жана тукумдарынын мүрзөлөрү жайгашкан
  4. Жаңы жана Эски Челеканалар
  5. Шах Исмаилдин аялынын күмбөзү (шах Тахмасптын энеси)
  6. Дар ул Хадис балконуна барабар сарай
  7. Дар ул Хадис күмбөзүнүн чыгыш тарабындагы шейиттер талаасы
  8. Шейх Садр ад Дин Мусанын орду
  9. Кырктан ашуун чатырлар
  10. Сефевид үй бүлөөсүнүн эмирлеринин жана башчыларынын мазарлары
  11. Ашкана же навайкана
  12. Ашкана, казанкана жана аларга таандык чатырлар
  13. Шейх Сефи ад Диндин мазарынын бет маңдайындагы Суфи шейхтеринин күмбөздөрү
  14. Булактын жанындагы Шербеткана, халва жана таттууларды бышырчу жай
  15. Эки кабаттуу бөлмөлөрү бар кампа
  16. Иш бөлмөлөр, шербеткана менен кампанын ортосундагы бөлүк
  17. Наккаркана, анын арткы бөлүгүндө мончо орун алган
  18. Отункана
  19. Тышкы короо, бет алдында көчөлөр жана дүкөнчөлөр орун алган
  20. Китепкана

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс