Пятница , 14-Декабрь 2018
Башкы бет / Досье / ТҮРСҮЛҮ ЖҮРӨГҮҢДҮН УГУЛГАНЫ…

ТҮРСҮЛҮ ЖҮРӨГҮҢДҮН УГУЛГАНЫ…

 Өбөрдө кайып болот эриндериң,

Жашоодо коштойт, бирок, сенин демиң.

Чатырап Асман-Жердин ортосунда

жанымдын сезбейсиң го керилгенин.

 

Күлкүмдөн Күн калтылдап турса көрүп,

Сен мени баары толук адам дээрсиң.

Бир нерсе жетпей турат ар адамга,

Дүйнөмдүн бир кем жери – ошол сенсиң!..

 

Сездиңби сен жетишпей жүргөнүңдү,

Кечээ сен жүрөгүмө кирип чыктың.

Шам жаксаң жүрөктүн ар бөлмөсүнө,

Алоолоп күйүп чыкты менин ышкым.

 

Сен менин майрамымсың Теңир жазган,

Майрамым, бүгүн да кел, куттуктайын!..

“Тынчтыкты сүйөт – дешет, бакыт дайым”,

Эрдиңден өпсөм капыс, унчукпагын!..

 

Мен үчүн кандай гана керемет кез,

Түрсүлү жүрөгүңдүн угулганы.

Сүйүүнүн аруу гимнин ырдап турсун,

Бүгүн да бүт дүйнөнүн булбулдары!..

Атантай Акбаров.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс