Вторник , 16-Октябрь 2018
Башкы бет / Аналитика / Президентке профессордон АЧЫК КАТ

Президентке профессордон АЧЫК КАТ

Кыргыз Республикасынын Президенти
Жээнбеков Сооронбай Шариповичке
Жусуп Баласагын атындагы
Кыргыз Улуттук университетинин
профессору Каныбек Осмоналиевден

АЧЫК КАТ
Урматтуу, Президент Сооронбай Шарипович!
Мен Сиздин атыңызга бул кайрылууну ачык кат түрүндө жазууну эп көрүп турам. Анткени, мына кезектеги 1 – сентябрь жакындап, балдарыбыз Билим күнүн утурлап, мектептердин жана кесип алуу үчүн түрдүү окуу жайлардын босоголорун аттаганы турушат. Сиздин өлкөнү өнүктүрүү боюнча аракеттериңиз коомчулукка белгилүү болуп калды, кеңири жайылды жана колдоолорго ээ болууда. Айрыкча, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү демилгелериңиз катуу колдоого алынаарлык жакшы иш. Билим берүү, илим жана инновация иштери ар кандай коомдун эң башкы маселелери болгондуктан, мындай маанилүү вазийпаны дагы колдоп, заман чакырыгына дал келтирип чечүү ишин колго алаарыңызга ишенем!
Менин Сизге кайрылуум өзүмдүн өмүрүмдөгү жападан-жалгыз болуп келе жаткан кесибим – билим берүү жана илим иштери жөнүндө болмокчу. Тагыраак айтканда ал экөөнүн коомубуздагы бүгүнкү күндө түзүлгөн тагдыры жөнүндө. Ачык айтайын, абал оор жана өтө аянычтуу, коркунучтуу! Башында дароо эле белгилеп кетейин: “Бул кырдаал 27 жылдан бери эле келе жатат”. Бардыгыбыз күнөөлүбүз! Билим берүү жана илим системаларын саясаттан оолак кармай албай койдук. Ал экөө тең табияттарынан өз алдынча, эркин жашап, өнүгө турган фундаменталдык түшүнүктөр. Эч кандай, “жылаңач саясат” менен конъюнктуралык коомдун туундулары болуулары керек эмес! Бул дүйнөлүк тажырыйба. Билим берүү менен илимдин негизги кыймылдаткыч күчтөрү саналуу эле. Алар: мектепте – окуучу менен мугалим; кесиптик окуу жайларда (башталгыч, орто жана жогорку) – студент менен окутуучу, ал эми илим системасында – чыныгы илим изилдөөчү. Калган субъекттер аларга кызмат кылышат. Тилекке каршы, бизде жогорку түшүнүктөр орун алмашып калышкан. Натыйжада, педагогдорубуз менен илимпоздорубуз жакшылыктан түңүлгөнсүп демилгесиз, жалтайлама-жалакай болуп кетишти. Авансценага базарды жакшы өздөштүргөн, шылуун, эрте жетилип илимдин “кандидаттары жана докторлору болушкан азаматтар” чыгышты. Билим берүү формалдуулукка айланып, илим изилдөөдө, халтура, плагиат жана жалган илим (“лженаука”) гүлдөп өсө баштады. Акыйкаттык үчүн айтып коюушум керек. Бул кырдаал, негизинен, КМШ өлкөлөрүндө орун алып келет. Ал эми Чыгыш Европа жана Прибалтика өлкөлөрү менен Грузиялар болсо АКШ, Еврокошуун жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттерин туурашып абалды оңдоп кетишти.
Мени кийинки учурларда Россия Федерациясы, Беларусь жана Казакстанда билим берүү жана илим жаатында болуп жаткан ири өзгөрүүлөр кубантууда. Алар эки системанын тең укуктук-ченемдик базаларын заманбап кылып түзүштү. Сырттан таңууланган диверсиялык сунуштарды дээрлик түрдө четке кагышты. Окутуунун жана илим изилдөөнүн сапаттарын кескин жогорулатып баратышат. Андай ийгиликтерге саясий эрк менен жетише алышты! Мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон аракеттер болду. Сабаттуу улуттун зарылчылыгын жана күчүн сезе билишти. Жалмаңдап жана жулунуп биртке акчасын көтөрүп алып келишкен чет элдик эмиссарлардын “каалоо-тилектерин” өз ордуларына коюп коюшту!
Айрыкча, Россияда университеттерине окуу-илим ишканалары статустарын берүү кадамдары реалдуу түрдө ишке ашып, өз мөмөлөрүн тез эле бере баштады. Мисалы, Екатеринбург шаарындагы СССРден бери өз алдынча болуп келе жаткан атактуу делинген Урал университети менен Урал политехникалык институттун органикалык биригүүсү Президент Владимир Путин менен премьер-министр Дмитрий Медведевдер тарабынан чоң чечкиндүү кадам болду. Натыйжада, Уралда 45 миң студенттер билим алган Билим берүү-илим Империясы пайда болду. Профессордук-окутуучулук состав сапат жагынан өстү. Катуу конкуренция болуп, “окумуштуу болумуштар” иргелип сыртка чыга беришти. Аягында сапаттууу билим алууга ынтызаар болуп келген студент утту, жаш илимпозго ыңгайлуу шарт түзүлдү, ал эми Россия болсо күчтүү илимий-инженердик жана педагогикалык адистерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мындай прогрессивдүү саясат Россиянын бардык аймактарына тарады. Россиянын жетекчилери бул ийгиликке мамлекеттин бардык интеллектуалдык ресурстарын, тааныш-тууганына карабай, саясий партиялык өнөктөштүктөрүн ылгабай мобилизациялап жетише алышты! Окумуштуулар менен педагогдорго мүнөздүү болгон кээ бир “кежирликтерине” чыдашты, колдошту. Билим берүү жана илим ресурстарын пайдаланып, байлыкка, наамга туйтунууну көздөгөн чиновниктерди катуу жазалашты. РАНга бийлик зордугу менен мүчө болуп кирип алышкан чиновниктерди ырайымсыз түрдө жумуштарынан кууп чыгышты.
Казакстан дагы көп ойлонбой эле ушул жолго түштү. Заманбап, Гуми-лёв жана Назарбаев атындагы университететтерди курууга жетишишти. Алар өз кезегинде жогорку билим алуу системасынын локомотивдери болушуп, башка университеттерди “мемиреп уктап жаткан абалынан” чыгара алышты. Азыр Казакстанда кескин конкуренциялуу билим берүү иши дүркүрөп өсүп келе жатат. Чала сабат окутуучу менен чала жан ЖОЖдор сыртта калышты. Азыркы заман талабы ушундай. Катуу эрк жана кайрат керек. Жалган иллюзиялар менен ойноо өтө коркунучтуу!
Мен мындай ой-жүгүртүүлөрдү акыл-эсимин жай абалында, деним сак бойдон эле, өз ыктыярым менен, эч кандай саясий оюнсуз берип жатам. Өзүмө көңүл бурдурайын деген деле оюм жок! Тескерисинче, бизде кийинки учурлар үчүн мүнөздүү болуп калган мазактоолор, жамандоолор ж.б пендечилик адаттар мага жамгырдай жаарын сезип эле турам. Көнүп деле калдым. Билим берүү жана илим системасын кайтадан түзүү, оңдоо ишине оң таасирин бере турган ойлор, сындар болсо мен бардык азаптарга кайылмын! Кейиштүү абалдар менин оюмча Кыргызстандын билим жана илим тармактарында төмөнкүдөй болуп калып калгандай. Алардын өтө актуалдуу делинген көйгөйлөрүн көрсөтөйүн жана өз сунуштарымды берейин:
1. Бардык окуу мекемелери өзүлөрүнө аба менен суудай керек болгон академиялык эркиндиктен ажырап калышты!
Сунуш:
а). Аларды саясаттан оолакташтыруу керек. Бирок, окуу стандарттары Өкмөттүн мыйзамдуу көзөмөлдөрүндө болуусу зарыл. Окутууга укук берген мамлекеттик лицензияны Билим берүү министрлиги колго алып, жооптуу болуусу абзел. Ал эми аттестация жана/же аккредитация системасы көз карандысыз институттун гана элегинен өтүүсү максатка ылайыктуу. Тиешелеш мыйзам 2013 жылы эле кабыл алынып, күчүнө кирген. Улам-улам мыйзамсыз жылдырылып келүүдө. Министрлердин мыйзамды бузуп жургөн жоопкерчиликтери кайда?
б). Окуу стандарттарынын талаптары, анын ичинен улуттук компоненталар, менчиктин бардык түрлөрү үчүн ыйык сакталуусу милдеттүү. Аларды бузуу мамлекеттик мыйзамдарды бузуу катары бааланып, катуу жазалар мыйзам чегинде колдонуулары зарыл. Окуу стандарттары – мамалекеттик стратегиялык документ экендиги жөнүндөгү түшүнүк ар бир катышуучунун мээсинде кыттай куюлуп калуусу керек!
в). Мамлекеттик жана расмий тилдин бардык мектептер үчүн бирдей берилүүсү өтө зарыл. Бул жакшы адатыбыз эч кандай саясий ж.б. оюндарга кириптер болбоолору керек. Үчүнчү тил катары англис тилинин гана берилүүсү максатка ылайыктуу. Анткени, кээ бир “азамат” мектеп жана ЖОЖ жетекчилери тааныш адамдарына саат берүү үчүн башка тилдерди (айрыкча мектептерде) таңуулап келишүүдө. Бул – ээнбаштык! Дүйнө элдери, анын ичинде, немец, француз, испан, кытай, япон, кореец ж.б улуттар экинчи тил катары англис тилин гана окушат, эркин жазышат. Төгөрөктүн төрт бурчунан жумуш таап иштеп жүрүшөт. Англис тили дүйнөлүк зарыл тил болуп калды. Балдарыбызды түрдүү тилдер менен башаламан кыйнабайлы! Полигилот болгусу келгендер үчүн бүгүн түрдүү коммуникациялар жетиштүү. Бул талап мамлекеттин милдеттүү саясаты болуусу зарыл.
2. Билим берүү системасын Кыргызстан акыркы жылдары өзүнүн бюджеттик каражатынан колунан келишинче каржылап келе жатат. Жылына 22-26 млрд сомдор! Бул эң сонун жетишкендиктерибиз! Бирок, ал акчалар эмне үчүн эффективдүү иштебейт? Анын ички коротуу структурасы кандай?
Сунуш:
Каржы министри менен Билим берүү министринин биргелешкен ачык саясаты коомчулукка жарыя кылынышы зарыл. Болбосо бүдөмүк пикирлер болуп келүүдө! Ушундай эле саясат чет жактан келген каражаттар (кредиттер, гранттар ж.б.) жөнүндө дагы билдирилүүсү абзел. Элде ишенич пайда болуп, ачык көзөмөл орун алат. Иш алга жылат!
3. Чет мамлекеттен таңууланган бизге жараксыз, билим берүү программалары көбөйдү. Аны жылуу жерде олтуруп алып, көчүрүп жазып, өз чөнтөгү үчүн гана иштеген зыянкеч чиновниктердин армиясы пайда болду. Кыргызстандын менталитети эске алынбай келет. Өмүрүндө мектепте же кесиптик окуу жайларда иштебеген “мите-адистер” министрликтин башчыларын адаштырышып, өз кызыкчылыктарынын жана чет элдик миссионер кожоюндарынын саясаттарын жүргүзүп келишет. Андай “адистер” министрликте көп жылдар бою “эмгектенишүүдө”. Баштары чет мамлекеттерге болгон саякатчыл иш сапарларынан чыкпайт. Кыргызстандын мектептери менен иштери жок. Аттары белгилүү! Тилекке каршы, Билим берүү Академиясынын пайдасы болбоду, же тиги “азаматтар” иштетпей жатышат.

Сунуш:
Катуу саясий эрк менен жогорудагыдай зынкеч “ишмерлерден” Билим берүү системасын тазалоо зарыл. Ачык жана таза конкурстук тандоо жолдору менен адистерди иргеп алуу гана ишти алга жылдырат. Билим берүү системасында бир күн иштебеген “азамат-каръеристтерден” чечкиндүү түрдө кутулуу керек. Билим берүү Академиясын реалдуу шартта колдоо максатка ылайык. Аларды окуу китептерин массалык жазып олтуруу жана аларды системага таңуулоо “ооруларынан” арылтуу керек. Окутуунун мазмуну жана усулдугу менен алектендирүү иштерин Министр катуу талап кылуусу зарыл. Окуу китебин чиновник менен “жылуу кабинетте”жашаган усулчу сөрөй жазбаш керек. Ал практик мугалим жана реалдуу илим менен алектенип жүргөн окмуштуулардын иши!
4. Орто жана жогорку кесиптик окуу жайларын оптимизациялоо иштери мурда койгон талаптарга ылайык эч кандай аткарылган жок! Тескерисинче, бир нече эле окуу жайларынын лицензиясын тартып алышып, кайрадан башкаларга эбегейсиз сандагы окуу лицензияларын берип салышты. Эл баарын көрүп турат. Бул эмне? Мыйзамды тоготпогондукпу же көпкөндүкпү? Менимче бул – чоң коррупциялык кылмыш! Мындай көрүнүштөр дагы эле уланып келүүдө!
Сунуш:
Бардык кесиптик окуу жайларга мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду бере берүүчү зыянкеч жана коррупциялуу практиканы токтотууга убакыт жетти. Андай укукту университеттер кандай жолдор менен алып келгендери жакшы белгилүү! Көрмөксөн эле болуп жүрүүдөбүз! Биринчи орунга учурунда мыйзам менен бекитилген көз карандысыз аккредитация институту чыгуусу зарыл. Анын жолун торогон башчылар коррупцияны жактагандар. Мына, 5 жылдан бери мыйзам аткарылбай келүүдө. Кол коюп бекиткен мыйзамды функционер-чиновниктер элге көз көрүнө наадандык менен аткарбай келе жатышат! Менин бул маселе боюнча көз карашым жана конкреттүү сунуштарым мурунку бийликке бир нече жолу билдирилген эле.
5. Кыргызстандын илим потенциалы күчтүү! Анда эч кандай шек жок. Аны Улуттук Илимдер Академиясынан жана кээ бир университеттерден көрүүгө болот. Бирок, илим ийгиликтери айрым окумуштуулардын жекече салымдары менен эле чектелүүдө. Алар болгону жалпы илимпоздордун 3-4% ын эле түзүшөт. Андан калса, так ошолор колдоо таппай келишүүдө. Башкарууну кээ бир өзүн “каймак сезгендер” (бардыгы эмес) ээлеп алышкан. Бюджеттик ж.б. каржылар ошолордун колдорунда. Бул зыянкечтик! Ким бул сынды өзүнө алып, чычаласа атын айтып, коомчулукка пикирин билдирип, дебатка чыкса жакшы болоор эле! Илимий даражалар менен наамдарды ыйгаруу ошол талапкерлер иштеген чөйрөдөн алыстап бара жатат. Илимдин докторлору деген түшүнүк Улуттук университет баш болгон көпчүлүк жогорку окуу жайларында жек көрүп тилденүүчү (ругательный) түшүнүккө айланды. Дилетанттар менен интригандар демилгени колдоруна алып алышкан. Алар акча жасоо менен эле алек!
Сунуш:
Университеттердин көпчүлүгүнөн билим-берүү, илим-өндүрүш комплекси деген статусту талап кылып, аны түзүүгө жетишүүбүз керек. Муну бугүн Россия менен Казакстан ийгиликтүү ишке ашырып келишүүдө. Биздин билим берүү жана илим системасындагы дилетант жетекчилерибиз али ойлонуша дагы элек. Аш-той, корпоратив, салтанаттар менен эле алектенип жүрүшөт. Илим менен алектенбеген ЖОЖ – бул бүгүнкү замандын саркындысы, жаштардын келечегине балта чапкан зыянкеч “ишканалар”! Улуттук Илимдер Академиясынын ар бир илимий кызматкери унивеситеттердин профилдик кафедралары менен тыгыз байланышта болуп алардын кошумча штатында отурса жакшы болоор эле. Анткени, көптөгөн кафедраларда азыр “өрдөк жокто чулдук бий” деген абал. Сабак берип коюу менен эле чектелишүүдө. Өмүрүндө бир илимий макала жазбаган окутуучулар жок эмес. СССРдин “алтын доору” эчак эле бүткөн. Турмушка реалдуу карайлы! Биздин кичинекей республикабызда ар бир окумуштуунун дарамети бири-бирибизге белгилүү. Академиялык илим менен университеттердин максималдык жакындашуусу гана бул тармакты критикалык кесепет абалынан чыгара алат! Илимий даражаларды жана наамдарды “админстрациялоо” ишин токтотуу зарыл.
6. Бүт дүйнө өлкөлөрү билим берүү-илим-инновация-интеллектуалдык менчик деген тармактарды бир ведомствонун алкагында карашып, бирдиктүү саясат жүргүзүп келишет. Биз 2012 жылы “ жаңы ачылыш” жасап, илим менен инновацияны эки жакка бөлүп жибердик. Кээ бир “ишмерлердин” кызыкчылыктары эске алынды. Мына сага, мамлекеттик мамиле! Жогорку төрт түшүнүктүн кыймылдаткыч күчтөрү чыгармачыл адамдар: мугалим, окмуштуу, ойлоп табуучулар. Алардын табияттары бирдей! Бүт дүйнө айнып калган эмес да. Бардык мамлекеттерде бирдиктүү “Илим жана инновация” мыйзамдары иштейт.
Сунуш:
Илим, инновация жана интеллектуалдык менчик маселелерин бир ведомствого бириктирип кароо маселеси чечилиш керек. Ошондо гана бирдиктүү саясат жүрүп, натыйжасы реалдуу оң болот. Каржылоо иши мамлекеттик-коомдук фонд аркылуу жүргүзүлүүсү абзел. Негизги критерий, өкмөттүн буйрутмасы эске алынган, чыныгы эл чарбасына керектүү долбоорлор аркылуу ишке ашырылышы керек. 2014 жылы Жогорку Кеңеште чырылдап жүрүп ошондой илим жана инновация фондун түзүүнү атайын токтом менен өкмөттү милдеттендиргенбиз. Бирок, кээ бир азаматтар ошол кездеги бийлигин пайдаланып, Билим берүү министрлигинин алдында фондду чала-була чампалай салып түзө коюшуп, өздөрү басып жатып алышты. Акча каражаттарын каалагадай бөлүштүрүп жүрүшөт! Жакында эле укук коргоо органдары кээ бир ири даражадагы чиновниктерге кылмыш ишин козгошту. Бирок, натыйжа жок. Бардыгы жабык, эч ким билбейт. Бул ээнбаштыкты тез арада токтотуу керек. Россиядагыдай (мисалы, РФФИ, РФГИ) эле ачык мамлекеттик фонд түзүлсүн. Чет жерден келип жаткан илим жана инновация каржылары кимдин колунда? Ачыкка чыгаруу зарыл!
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Мен Сиздин прогрессивдүү көз карашыңызга ишенем жана менин кай-рылуум боюнча министрликтерге ж.б. мамлекеттик уюмдарга, эң башкысы, Кыргыз Өкмөтүнүн өзүнө тиешелеш көрсөтмөлөрдү бересиз го деп үмүттөнөм. Билим берүү жана илим тармагына күйүп жүргөнүм элиме белгилүү. Кандай көз караштарда болбойлу билим берүү жана илим саясатына келгенде келечек муундарды калыптандырууга камылга көрүлө турган иш чараларда бирге болушубуз керек экендигин баса белгилеп койгум келет. Ал баалуулуктар үчүн дайыма кызмат кылууга даярмын!

Сизди терең урматым менен,
Физика-математика илимдеринин доктору,
профессор Осмоналиев Каныбек
27 август , 2018 жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс