Воскресенье , 22-Сентябрь 2019
Башкы бет / Дүйнө / Зурхане спорту

Зурхане спорту

 Зурхане спорту же болбосо байыркы балбандар спорту негизинен атайы шайман менен коштолгон же болбосо шайманы жок деле спорттук кыймылдардын жыйындысы. Ал  Иран элинин байыртадан калган тарыхый жана маданий үрп-адаттары камтылган, белгилүү байыркы спорт. Ал эми Зурхане спортунун дагы бир башка аты ирандыктардын байыркы спорту. Бул байыркы спорт ойнолчу жайдын аты Зурхане деп аталат жана бул Зурхане сарайда Зурхане спортунан башка балбандар мушташы деп аталган зурхане да ойнолот.  Бул зурхане – Балбандар спорт федерациясы, Иран зурханеси, Кол өнөрчүлүк жана туризм, Маданий мурастар уюмдарынын колдоосу менен балбандык үрп-адаттар жана Зурхане катары дүйнөлүк деңгээлде каттоодон өткөн. Балбандар үрп-адаттары жана зурхане ирандын атынан 2010-жылдын 16-ноябрында ЮНЕСКОнун дүйнөлүк руханий мурастар тизмесине катталган.

Германиянын Боркгаус энциклопедиясы, Кельн шаарындагы немис спорттук университетинин изилдөө иштеринин негизинде, бул спорттун түрүн аталган энциклопедиянын негизги бетине жана өзгөчө деп табылган томуна зурхане – дененин келбетин түзүүчү дүйнөдөгү эң байыркы спорт деп билдирген.

Зурхане спортунун тарыхы

Зурхане (фарсы тилинен алгандаزور خانه  “балбан үйү”) балбандык кыймылдар спорту байыркы доордогу ирандыктардын күндөлүк кыймыл аракеттеринин негизи болгон.  Ал заманда коом тулку бою күчкө толгон, руханий кубатка ээ болгон спортчуларга абдан маани берип, баалашкан.

Зурхане болжол менен 700 жыл мурун Азербайжан элинен чыккан жана ал элдин айтымына караганда  хижрий жылнамасы менен 772-жылы Пуйа Вали (негизги булакты кароо зарыл) аты менен белгилүү болгон Махмуд тарабынан кайрадан жанданган. Муну менен бирге зурханедеги тарыхый адеп ахлак, үрп адаттары жана мифтери байыркы иран тарыхынын түпкүрүнөн тамыр алып,  негизги орунду ээлейт.

Иранда байыртадан кеңири тарап, бирок унутулуп бара жаткан  зурхане спорту жана ага байланыштуу маданият, үрп адаттарга  Исламдан кийин өзгөчө маани бериле баштаган (негизги булакты кароо зарыл).

Боркгаус энциклопедиясында мындай деген: 1200 жылдан ашуун убакыт мурун иранда салыштырмалуу тынчтык өкүм сүргөндүктөн, иран балбандары чокмор, калкан, жааларды колдонуп, тулку боюн таптап, көбүнчө спорт менен алектенишкен.

Зурхане спортунун үрп-адаттары

Зурхане спортунун өзгөчө урп адаты бар. Байыркы доордогу  баатырлардын жеңиши  жомоктордогу эр жүрөктөрдүн   каада салттары жана үрп-адаттарын өзүнө камтыган жана алгач шииттер менен жаш жигиттердин демилгесин колго алып, аларга эрдик күч кубат берип, аларды чыйрак, күчтүү жана таймабас кылып спортко даярдаганга дем берген. Мындай мыкты  өзгөчөлүктөр музыканын бул түрүндөгү эң маанилүү аспап деп эсептелген  “Зарбе зурхане” (атайын музыка чыгаруучу аспап)  коштоосу менен ырларды ырдоо, дастандар ды айтуу менен аткарылган. Ал эми спортчуларга дем берүү максатында спорт маалында аларга “моршед” тажрыйбалуу спортчу дин негизинде, музыканын ритмине ылайык топ топ болуп чогуу чарай кыймылдоого көрсөтмө берип турган.   Бул байыркы спорт спортчулар арасында абдан маанилүү жана барктуу болуп, көптөгөн эрежелер менен коштолгон. Мисалга алсак, андагы кыймыл аракеттердин баары зурхане спортунун негизги жетекчисин аркалай аткарылган.   Бул байыркы спорттун урааны адамдын руханий жана дене түзүлүшүн чыңалтуу болгон, анткени шииттер зурханени шиитердин экинчи мечити экенине ишенишет; бирок мындай жөрөлгө  жаңы муундар арасында аз аздан унутулуп баратат жана азыркы тапта зурхане спортунда дин азыраак чагылдырылат. Зурхане спортунун дагы бир эң негизги жөрөлгөлөрүнүн бири – балбандар алгач өзүлөрүн кээ бир сапаттарга б.а. момундук, өзүн курмандыкка чалуу, эрдик, боорукердикке, берешендикке, тазалыкка, жетим-жесир, жардыларга, кедей кембагалдарга жардам берүү  жана башка баатырдык касиеттерге ээ болуп, аларды сактоосу  зарыл.

Зурхане спортундагы мушташуунун ролу

Байыркы заманда зурханечилер мушташуу жөрөлгөлөрүн да үйрөнүшкөн. Алар бул байыркы спорттук программа менен байыркы замандагы согуштун абдан коп окшоштуктары бар деп айтышат. Зурханенин сок билек,  тал чыбык,  калкан жана жыгачтар сыяктуу шаймандары абдан оор келет жана зурханечилер таштан жасалган  кабаде  (ирандыктардын атайы жасалган оор спорттук шайманы)  менен булчуңдарын чыңдашат. Кандай болсо да, илгертеден бери күрөшүү менен спорттун ар биринин негизи өз-өз ордулары менен келе жатышат, жада калса аренаны айланып басуу да өзүнүн жөрөлгөсү менен аткарылат. Жалпысынан алганда жаштар улууларды ээрчий айланып басышат, анын салттык философиясы, мен алга басайын, андан кийин сен, мен алгач шеит кетейин, майдандагы согуштун курманы болоюн дегенди билдирет.

Голризан

Зурхане спортунун дагы бир абдан кызыктуу жана белгилүү жөрөлгөлөрүнүн бири голризан. Голризан ар кандай майрамдарда, мааракелерде, зурхане балбандарынын күчтөрү сыналып бүткөн соң, эки тараптан эки жаш жигит колуна атайы акча салчу нерсе алып көрүүчүлөрдү кыдырата айланышат жана эл ага акча салышат.

Зурхане спортундагы ар кандай кыймыл аракеттер

Зурхане спортундагы эң негизги  кыймыл аракеттер төмөнкүлөр:

Акырындык менен аренаны айлана басуу (жетекчинин ишарасы менен басуу, камчынын биринчи, экинчи, үчүнчү үнүн угуп жерге сүйөнүү, “сүзүү” көнүгүүсүн аткаруу), (Оң жана сол бут), колдордорду көтөрүп кайра түшүрүү, төшүн уруу, бел, моюн сыяктуу тулку боду кыймылга келтирип, отуруп туруу, денени жибитүү.

Миль алуу (атайы зурханечилер үчүн жыгачтан жасалган  устун) бат баттан кыймылдоо, ритм менен кыймылдоо.

Буттарды көтөрүү же секирүү

Зурхане спортундагы башка кыймыл аракеттер:

Таш алуу: адатта, балбандар сексен килограмдан турган согуштагы калкандын көрсөткүчү болгон эки жоон жыгачты алып көмкөрөсүнөн түшүп колдору менен ылдый өйдө кыймылдап, көнүгүү жасашат.

Айлануу: балбан эки колун толугу менен ачып эки тарапка бурулуу менен саатын жебеси айланган сымал атайы тегерек аренада айланышат. Бул айлануу убактысы эки, үч мүнөт уланат.

Миль ойноо: балбан салмагы 1-2 килограм болгон милди колуна алып, аларды өйдө ылдый көтөрүп кыймылдарды кылат.

Буттар кыймылы: жеңил жана шамдагай балбандар  аренанын ортосуна чыгып, атайы драматикалык көнүгүүлөрдү аткарышат.

Зурхане спортунун даражалары

Зурхане спорту да каратэ, кунфу сыяктуу башка спорттордун түрүндөй эле даражаларга бөлүнөт жана спорттогу кыймыл аракеттерди өз даражаларынын негизинде аткарышат.

Биринчи даража: балбан бир жыл зурхане спорту менен машыккан соң  атайы өзүнүн эреже, жөрөлөгөлөрүн аткаруу менен берилет

Экинчи даража: балбан зурхане спорту менен үч жыл машыккан соң зурханы өнөрүн аткарууда айланып аткан учурда атайы салават жөнөтүү жөрөлгөсү менен берилет.

Үчүнчү даража: балбан зурхане спорту менен алты жыл машыгып, бери дегенде 18 жашка толгондон кийин гана берилет.

Төртүнчү даража: балбан зурхане спорту менен он эки жыл машыгып, бери дегенде   22 жашка толгон соң берилет.

Бешинчи даража: балбан зурхане спорту менен 15 жыл машыгып, 25 жашка толгондон кийин гана берилет.

Алтынчы даража: балбан зурхане спорту менен 18 жыл машыгып, 28 жашка толгондон кийин берилет.

Жетинчи даража: балбан зурхане спорту менен 24 жыл машыгып, 32 жашка толгон соң берилет.

Сегизинчи даража: балбан 32 жыл зурхане спорту менен машыгып, 42 жашка толгондон кийин берилет.

Тогузунчу даража: балбан зурхане спорту менен 45 жылмашыгып, бери дегенде 65 жашка чыкканда берилет. Аларды “коңгуроо балбандары” деп аташат жана алардын саны абдан аз келет.  Таймаштарда атайы даражасы бар, урматуу болуу, даражаларды өз убагынан эрте алуу балбандар үчүн абдан тасирдүү.

Балбан ар бир даражаны алгандан кийин да мурунку даражаларда алган упайлары кошулуп жүрүп отурат.

Ирандын түштүк аймактарынан чыккан конгуроо балбандардын аттары:

Хаж Али Шерали Сам, Мухаммад Али Хамаяти, Хосейн Барири, Ахмад Кимийаи, Шүкраллах Сейф жана Шамс Колахи ага инилер (Хаж Хабиб Алех- Хаж Махмуд-Хаж Мансур жана Атта Алех Шамс Колахи), ал эми батыш аймактарынан: Мухаммад Али Намдаран жана Устат Али Хосейн Хосрови пур, Керманшахтан Абулкасым Исмаили жана башкалар.

Зурхане спортунун бүгүнкү кундөгү орду

Бүгүнкү күндө зурхане байыркы спорту азыраак таанылышы мүмкүн, бирок азыр да зурхане аренасы эскирип кетпей эсте калаарлык. Бүгүнкү күндө Тегеран шаарында 50 дөй Зурхане бар; Ирандын борбор калаасындагы эң белгилүү зурханелердин бири Варзешгах-е шахид (Шахид спорт сарайы) деп эсептелет. Ал Ирандагы балбандар федерациясынын көптөгөн мамлекеттик мелдештеринин уюштуруучусу болуп эсептелип, улуттук каттоодон өткөн. Бул спорт сарай шаардык парктын түндүгүндө, Тегерандын Шахи Фияз көчөсүндө жайгашкан.

Бүгүнкү күндө байыркы зурхане спорту менен кийинки жылдардагы зурхане сырткы жана көнүгүү аткаруу амалдары менен абдан айырмаланат. Мисал катары айтсак, азыркы зурхане спортунда Ланг жөрөлгөсүнө Спорт федерация тарабынан  тыйуу салынган.  Бирок Керманшах, Эрак сыяктуу шаарларда бул ыкма азыр да колдонулуп келет.

Бүгүнкү күндө байыркы спорттук мелдештер атайы топ топ болуп Ирандын шаарларынын биринде өткөрүлөт. Ал эми ар бир топ он кишиден (бир моршед, сегиз балбан жана бир ортомчудан) турат.

Зурхане спортунун маданий жана өнөр тармагындагы  кайра жандануусу

Фирдоуси уюму Иран балбандар федерациясы менен  маданий кызматташуу жана аларды ишке ашыруу келишимин бекиткен соң, баатырдык маданиятын жана зурхане спортун Иран мамлекетинде жана дүйнө жүзүнө Маданий-өнөрчүлүк катары тааныта алды. Фирдоуси уюму тарабынан аткарылган байыркы зурхане маданий-өнөрчүлүк спортунун эң негизги жетшикендиктери төмөнкүлөр:

  1. Көркөм өнөр академиясында өткөн көчмөндөр оюну жана балбандар үрп адаттары Үчүнчү Шахнамэ окуу фестивалын өткөрүүдөгү кызматташуусу,
  2. Алгачкы Ирандагы эң алдынкы моршеддердин фестивалы, эң мыкты зурхане моршеддерине сыйлык берүү маракемин өткөрүүдө кызматташуу.
  3. Илимдер академиясында Шахнамэге карата өткөн конференццияны өткөрүүдө кызматташуу 2010-жыл ноябрь айы, Австрия, Вена жана Грация шаарлары.
  4. Иран Ислам Республикасынын Көркөм өнөр академиясынын Биримдик залында (Таларе Вахдат) өткөн Баатырлар өнөрүнүн жумалыгына арналган Зурхане спорту аттуу эки курсун уюштурууда кызматташуу.
  5. Иран сүрөт акадамиясындагы Зурхане сүрөт көргөзмөсүнө катышуу. Франция-Париж 2012-жыл Март айы.
  6. Балбандар спортунун улуттук тобу менен Иран зурханесинин Түштүк Кореяда өткөн Иран маданият жумалыгын өткөрүүсү. 2012-жыл, октябрь айы.

Ошентип Фирдоуси уюму баатырлар маданиятын жана зурхане спортун дүйнөгө тааныткан Иран элдик эң мыкты уюмдарынын бирине айланды.

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс