Воскресенье , 22-Сентябрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Улутчулдук кылмышпы?

Улутчулдук кылмышпы?

Улутчулдук деген – бул өз элин сүйүү, сыйлоо, урматтоо, тарбиялоо, өз эли менен сыймыктануу. Өз элин сүйүү – бул өзүн, өз балдарын, өз урпактарын, өз келечегин сүйүү. Еврей, япон, кытай, корей, армян, түрк жана башка өнүккөн улуттарга окшоп өз улутун бийикке, Кудайга чейин көтөрүү”.

Ар бир өнүккөн улуттарда өзүнүн улуттук идеологиясы бар. Бир сөз менен айтканда, бул улутчулдук. Биз кыргыз улуттук идеологияны издеп, табалбай жүргөнүбүздүн себеби – Совет доорундагы «Улутчулдук – өтө жаман, бу кылмыш иш» деп бизге берилген тескери тарбиянын кесепети. Ал эми улутчулдук деген – бул өз элин сүйүү, сыйлоо, урматтоо, тарбиялоо, өз эли менен сыймыктануу. Өз элин сүйүү – бул өзүн, өз балдарын, өз урпактарын, өз келечегин сүйүү. Еврей, япон, кытай, корей, армян, түрк жана башка өнүккөн улуттарга окшоп өз улутун бийикке, Кудайга чейин көтөрүү.
Мисалы, Түркиядагы көрүнүктүү жерлерде чоң аска-таштардан чегилген тамгалар менен «Бул дүйнөдө эң чоң бакыт – түрк болуп төрөлүү!», «Бир түрк бүт ааламга барабар!» деген сыяктуу ураандар жазылган. Еврейлер болсо, «Биз – Кудай тандаган элбиз» деп, калгандарды малга теңеп коюшат. «Ар бир еврей ар бир еврейге жооптуу!» – бул, бүт дүйнөдөгү еврейлердин урааны. Япондор, кытайлар жана көп башка өнүккөн улуттар булардан калган жок. Биз эле «Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз» деп кошуналарга да, алыскы элдерге да уят болуп атабыз.
Накта кыргыз идеологиясы, накта Манастын идеологиясы – кыргыз улутчулдугу. Манас өз элинин келечеги үчүн кыргыз элинин урууларын бириктирген, төрт тарабындагы чоочун элдер менен согушкан. Демек, биринчиден улуттук идеологияны көтөрүү зарыл. Анын өзөгү – улутчулдук. «Кыргыз куту күн нурунан (табигаттан) жаралган, башкалардын куту топурактан (кулчулуктан) чыккан!»

Жолдош Орозов
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс