Воскресенье , 22-Сентябрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугу маселеси бышып жетилип калган эле

Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугу маселеси бышып жетилип калган эле

Мен дагы “Акун” пансионатына эки жолу барганмын. Пирстин жанында да чөмүлгөнбүз. Сууда анчейин сүзө албаган мага окшогонду кудайым сактаган экен. Акыркы жылдардагы маалыматтарга караганда, көлгө чөккөндөрдү бир да жолу куткаруучулар тирүү алып чыгышканын уга элекмин. Өлгөндөн кийин гана алып чыгышат. Анда аларды куткаруучу эмес эле суучулдар десе туура келчүдөй.

Аларга караганда шар аккан дарыяга, каналга агып бараткандарды жөнөкөй эле адамдар, же милиция кызмат кызматкерлери куткарып чыгышканын көп окуп жатабыз.
Ошондой эле, көлдө азыр жеке менчик чакан теплоходдор көбөйүптүр.
Бостери пристанындагылардын көбү эски. Техникалык коопсуздук абалы кандай экени көрүнүп турат. Аларга 30-50 адам түшөт экен, а бир гана куткаруучусу бар.
Ал дагы теплоход көлдүн ортосуна барып токтоп, эс алуучулар сууга түшүп жатса: “мен жалгыз, чөксөңөр жалгыз куткара албайм” дейт. Мына, куткаруучунун айтканы!
Пристань да эскирген. Полунун тактайлары эски. Теплоходго чет өлкөлук туристтер да түшүп жатышвт. Уяласың.
Эми бул маселе козголгондон кийин аягына чыга чара көрүлүш керек.

Зинакан Пасаңова

(Макала автордун ФБдагы барагынан алынды)

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс