Понедельник , 20-Январь 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Футбол комментаторлоруна ыраазы болгондор көбөйдү

Футбол комментаторлоруна ыраазы болгондор көбөйдү

Жума күнү кечинде КТРдин түз эфиринен “Ыр Кесе” программасын көргөндөр баш чайкап таң калгандар көбөйүүдө. Эмне үчүн телевидениедеги эң баалуу убакыт (прайм-тайм) өтө сапатсыз, кадимки эле бир айылдык деңгээлдеги отурушту тартууга жумшалат? Мунун ордуна эмне үчүн элге керектүү маалымат, билим же болбосо рейтингдүү “миллионер” сыяктуу викториналар чыкпайт?- деп социалдык тармактарда пикирлер айтылууда. Ошол эле учурда, дүйнөлүк футбол чемпионатынан КТРК комментаторлоруна ыраазычылык билдирүүлөр келүүдө. «Биздин жаш балдар кыргызча дагы, орусча дагы профессионалдуу алып барып жатышат. Күнүгө көрүп атабыз, ошол жигиттер жөнүндө кенен материал бергилечи” дейт редакцияга чалган бир футболдун фанаты.

“Жаңы ордо” гезити. №23 (596), 29-июнь, 2018-жыл.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс