Вторник , 11-Декабрь 2018
Башкы бет / Жаңылыктар / Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айт марамына карата расмий куттуктоосу

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айт марамына карата расмий куттуктоосу

Категория: Башкы жаңылыктар – Published: 15/06 – 08:36

Бишкек, 15-июнь, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. Урматтуу мекендештерим, урматтуу момун мусулман бир туугандарым!  Жараткан Алла Тааламдын Сиздерге чексиз мээримин, тынчтыгы, саламатчылыгын жана ыраазычылыгын каалап кетемин!

Ушул ыйык рамазан айында, ысык жай мезгилде орозо тутканыбыз,   Алланын алдында улуу Айт күндүн келгенине күбөө болгонубуз, Жаратканыбыздын бизге тартуулаган чексиз мээрими жана берешендиги. Өзүнүн улуулугу менен кудуреттүү Алла таалам биз кармаган бир ай орозобуздан дене напсибиздин кумарынан аруулантып руханий күчтөнүүгө, маданияттуу мүнөзгө, коомдо адеп ахлактуу мамилелерге жана ички дүйнөбүздү тазалоого күч берди. Ошондуктан, Ыйык Куранда Жаратканыбыз:

“Силерден мурдагы коомдорго кандай орозо парз кылынгандай эле, силерге да орозо парз кылынды. Мүмкүн силер такыбараак болоорсуңар (2:183)” деген.

Ошондуктан, бүгүн биз кайрадан Жаратканыбыздын улуу сыйын көрүп жатабыз. Себеби, Пайгамбарыбыз (с.а.в):

“Бул сабырдуулуктун айы, анын сыйлыгы Бейиш”,

“Бул айда момун мусулмандын ырыскысы көбөйөт”,

“Эгерде менин үммөтүм бул ай канчалык көп сооп-сыйлыктарды камтыганын билгенде, алар анын бир жылга созулушун каfлашмак”?- деген.

Ошондуктан бүгүн биздин Алланын алдында эң биринчиден руханий чоң жумуш жаcап келдик десек болот. Эми Алланын сыйлык берүү күнү да жетип келди.

“Ээ Мухаммад Мустафанын (с.а.в) үммөтү берешен Раббиңерге карай чыгып келгиле. Анткени силерге өтө чоң белектерди берип жана чоң күнөөңөрдү кечирет. Алар айт окула турган жерге жеткен кезде, Аллах Таала периштелерге айтат: “Жумушчулар өз жумушун бүткөн кезде аларга кандай акы берилет”. Периштелер айтышат: Алардын  акысы аларга толук берилсин. Ошондо Алла Талла айтат: “Мен силерди күбө кыламын, менин Өзүмдүн ыразычылыгымды жана кечиримимди алардын акысы деп билемин”,- дейт!

Алланын ыраазычылыгынан артык кандай сыйлык бар болушу мүмкүн. Ошон үчүн ушул ыйык күндөргө жеткиргендиги үчүн Жаратканыбыз  Аллага майрамдуу такбирин айтып улуктайлы.

Урматтуу мекендештер, урматтуу мусулман бир туугандарым! Ушул нурлуу күндүн ыйык айт майрамында бири-бирибизге урмат сыйдын туу чокусу менен мамиле куруп, коомубузду бийик адеп ахлагыбыз менен кубандырып, майрамдайлы жана ушул жылды урматтуу Президентибиз Сооронбай Шарипович “Аймактарды өнүктүрүү жылы” -деп жарыялап, аймактарда ыймандуулук, тазалык, ынтымактуулук жана экономикалык жактан өнүксүн деп жарыялагандыгы  Жаратканыбыздын улуу мээрими. Ошондуктан Алла таалабыз  Мамлекет башчыбыздан ыраазы болуп, өзүнүн жана бүтүндөй кыргыз элибиздин ыйык рамазан айындагы баардык соопчулук иштерин кабыл кылып, Өзүнүн алдындагы чексиз даражаларына жеткирсин жана эмки орозо айына баарыбызды аман-эсен жеткирсин! Айтыңыздар маарек болсун!

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс