Пятница , 14-Декабрь 2018
Башкы бет / Досье / Бишкекте “Перс классикасы” аттуу рамкага салынган килемдердин көргөзмөсү өтүүдө

Бишкекте “Перс классикасы” аттуу рамкага салынган килемдердин көргөзмөсү өтүүдө

Категория: Маданият – Published: 14/06 – 19:25

Бишкек, 14-июнь, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. 14-17-июнь күндөрү Бишкектеги Сүрөтчүлөр галлереясында (Чүй проспекти менен Эркиндик гүлбагынын кесилишинде) Кыргызстанда алгачкы ирет ирандык ишкер Жавад Пейвандион тарабынан уюштурулган “Перс классикасы” аталышындагы рамкага салынган перс килемдеринин көргөзмөсү башталды.

Анда Кыргызстан менен Ирандын кооз табияты жана белгилүү инсандарынын сүрөтү, Ыйык Курандын аяттары килемге түшүрүлүп, атайын кооздолгон рамкага салынган. Эгер каалагандар өздөрүнүн же юбилейи, туулган күнү белгиленип жаткан жакындарынын сүрөттөрүн буюртма беришсе, килемге түшүрүлүп жасалып берилет. Азырынча буюртма Бишкекте кабыл алынып, 20-25 күндүн аралыгында Ирандан даярдалып жөнөтүлөт.

Ж. Пейвандиондун айтуусунда, жакын арада бул рамкага салынган килемдерди жасай турган фабрика Бишкекте да курулмакчы. “Мен көп жылдардан бери Кыргызстанда перс килемдерин сатуу менен алектенем. Ирандан поезд менен түз ташылып келген сапаттуу перс килемдери Кыргызстандан тышкары Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Россия менен Беларусь өлкөлөрүндө да сатылууда. Жакында бүгүн көргөзмөсү башталган ар кандай өлчөмдөгү кооз табияттын пейзаждары же улуу инсандардын портреттери, Ыйык Курандын хадистери түшүрүлгөн перс килемдерин жасай баштадык. Баасы болсо 5 миңден башталат. Бул өтө эле арзан. Менимче  туулган күнүн, юбилейин белгилеген адамдарга эң жакшы белек болуп саналат. Азырынча буюртмаларды Бишкекте кабыл алып, 20-25 күндүн аралыгында Ирандан жасатып келебиз. Келечекте мындай фабриканы Кыргызстанда куруу планыбыз да бар. Ал эми сүрөттөр көчүрмөсү түшүрүлбөй, нукура согулуп жасалат. Демек, жууса да өңү өчүп же бузулуп кетпейт. Жакында Бишкектин борборунан атайын буюртмаларды кабыл алган дүкөн ачабыз. Бизге мындай белек үчүн буюртма бергиси келгендер төмөнкү телефондор аркылуу кайрылышса болот: 0700-0551-501864; 0312-351420”,- деди ал.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс