Вторник , 25-Февраль 2020
Башкы бет / 2018 / Май (баракча 20)

Айлык архив: Май 2018

Түлеев туурадан качырам деп тумшугу менен урулду

Нариман Түлеев радио аркылуу коомчулукка өзүнүн ак жеринен камалганын айтып, Атамбаевдин бийлиги андан өч алууну гана көздөгөнүн шардана кылган. Аныгында, Атамбаевдик бийлик Түлеевди өч алууну гана көздөп, коюлган күнөөсүн далилдей албаса да соттогон. Өч алуунун эки версиясы да айтылып жүрөт. Биринчиси, Атамбаев кызматтан кетип, жумушу жок калганда, Германияда дарыланып жүргөн ...

Кененирээк »

Мурадил Мадеминов хамелеонбу?

Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Мадеминов жакында эле КСДП партиясынын лидери Атамбаевдин орун басары болуп шайланган. Анын партияга төраганын орун басары болуп дайындалышы өзгөлөрдү эмес, партиялаштарынын кыжырын кайнатыптыр. Мадеминовдун башка аймактарды албаганда эле өзү чоңойгон Баткен облусунда кадыр-баркы барбы? Аркасынан адамдарды ээрчитип кетүүгө жарайбы? Партия төрагасынын орун басары болгуча Алмазбек Атамбаев ...

Кененирээк »

И. Масалиев: «Мен мурдагы президент Атамбаев Алмаз Шаршеновичтен кол тийбестикти алуу тууралуу сунуш берем»

Айтчу сөз   Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев 10-майдагы сессияда ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик макамды алууну сунуштады. Депутаттын пикиринде, Кытайдан алынган акчанын максатсыз пайдаланылышына экс-президенттин түздөн-түз тиешеси бар. И. Масалиев өзүнүн сунушун мындай фактылар менен далилдеди: “Акыркы күндөрү бизге маалымат жетти. 2013-жылдын май айында модернизация ...

Кененирээк »

Үйдө баатыр жоодо жок Сыргак Абдылдаев

Швецияда башпаанек издеп, калып калган Сыргак Абдылдаев деген жазмакер бар. Аны «качырган» Бакиевдер өздөрү качкын болгондоруна жакында он жыл болот, бирок Сыргагыбыз мекенге бир эле жолу кайтып, Атамбаевдин колунан орден албаса, башка бул жерге келгиси жок. Коммунизм кура алган Швециянын жашоосун жактырган, ал жактын паспортуна мактанган Сыргак эски мекендештерине фейсбукта ...

Кененирээк »

Коркуткан экс-ажо, ыйлаган депутат айым

Эки жума мурун Атамбаевдин КСДП фракциясы менен жолугушуу учурунда депутат Элвира Сурабалдиева өпкө-өпкөсүнө батпай, шолоктоп ыйлаганы боюнча маалымат тараган. Эмне үчүн ыйлады экен деп элдер бири-бирине суроо берип атышкан кызыгып. Жакында Элвира өзүнүн фейсбук баракчасына кээ бир маалыматтарды төгүндөмүш болуп, тастыктап берди. Көрсө, чын эле, Атамбаев ага «жакында Бакиевдердин заманы ...

Кененирээк »