Пятница , 14-Декабрь 2018
Башкы бет / Жаңылыктар / Иранда “Табият күнү” белгиленди (фото)

Иранда “Табият күнү” белгиленди (фото)

Категория: Иран – Published: 03/04 – 12:17

Ирандыктар жаңы жылдын 13-күнү (2-апрель) салттуу түрдө үй-бүлөлөрү менен жаратылышка чыгышат.

Бул тууралуу ISNA агенттиги билдирди. Бул салт “Сиздах-бе-дар” же “Табият күнү” деп аталат жана Иран календары боюнча 1397-жылынын фарвардин айынын 13-күнү (2018-жылдын 2-апрели) белгиленет. Бул күнү ирандыктар үй-бүлөлөрү менен бирге жаратылышка чыгышып эс алышат, көчөлөрдө сейилдешет, ар кандай оюндарды ойношот, музыкалык аспаптарда ойноп, ырдап, бийлешип бул күндү көңүлдүү өткөрүшөт.

Ошондой эле бул күнү ирандыктар Нооруз дасторконунда коюлган өндүрүлгөн буудай жана алтын балыкты  өздөрү менен кошо ала чыгышып, аны сууга кое беришет. Бул жаңы жылды майрамдоонун акыркы күнү, кийинки күнү мектеп, дүкөндөр кайрадан ачылат, мамлекеттик мекемелер өз иштерин башташат.

http://www.ca-irnews.com/kg/iran-kg/

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс