Понедельник , 9-Декабрь 2019
Башкы бет / 2018 / Март (баракча 3)

Айлык архив: Март 2018

Рысбек Токтасын, казак активисти: «Кытай жигит казак кызына үйлөнсө, кыздын ата-энесине 10 миң юань берип, пенсияга чыгарат, жубайларга үй берип, кызды жакшы жумушка орноштурат»

Көздү аччу маселе   Өзү Кытай Эл Республикасында төрөлгөн, азыр Казакстандын жараны болгон Рысбек Токтасын деген боордошубуз биздеги БУУнун үйүнө Кытайдагы аз улуттун өкүлдөрүнө карата жүргүзүлүп жаткан саясатты айтайын деп келген экен. Рысбектин айтканы, бизде дагы негизги көйгөйгө айланып бараткан Кытай жарандарынын көбөйүп жатканына дал келип калды. Боордошту түйшөлтүп жаткан ...

Кененирээк »

Б. Наргозуев, экс-депутат: «Кылычевдин 70 млн. доосунан кийин 3 миллиондоп доо берген Атамбаев жакшы эле турбайбы деп калат окшойбуз»

Доосу күч -Бегалы мырза, сизди, сизге таандык — “Кыргызстан Бүгүн” деген сайтты жана активист Аскарбеков Мавлянды ашынган КСДПчы Алга Кылычев 70 млн сомго сотко бериптир. Кылычевти териктиргендей ал тууралуу кандай маалыматты чыгардыңыз эле? – Эсиңерде болсо 2016-жылы февралда — “Деньги и власть” сайтынын редактору Турат Акимовго куралдуу кол салуу болуп, ал сакайып чыккандан кийин ...

Кененирээк »

Эсенбек Абдырашитов, ардагер: «Жээнбеков Атамбаевдин айтканы менен болуп, анын жолун уланта турган болсо, жөн эле убактысын коротот»

Ак кеп   Сиз бизге жеткен маалыматтарга — караганда бир топ убакыттан бери оппозициянын катарында жүрсөңүз керек?.. Мен тээ Акаевдин доорунда эле — оппозициянын катарында жүрчүмүн. Учурда жашым 80ге келип калды. Чындыгында азыркы президентибизди анча деле билчү эмесмин. Ачыгын айтсам Бабановду колдоп жүрчүмүн. Ошон үчүн президенттик шайлоодо ага добуш бергенмин. Эми ал ...

Кененирээк »

ТАЗАЛАНУУ, ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА АЛГА УМТУЛУУ же СДПКнын кезектеги съезди алдындагы көп партиялуулук системасы тууралуу ойлор

Учур саясаты   Ошентип, көптөн бери күтүлүп келе жаткан СДПК партиясынын кезектеги сьездинин босогосунда турабыз. Кезектеги деп айтылганы менен, мааниси боюнча алганда, жана да коомдук-саясий турмуштун андан аркы агымына тийгизе турган таасиринин деңгээли боюнча кандайдыр бир мерчемдүү белгиленген сызык сыяктуу кабылданууда. Дал ошондуктан улам, “тойдун болгонунан да, “болот-болоту” кызык” демекчи, ...

Кененирээк »

Ч. Абыкеев: “Атамбаевдин кайсыл иштерди баштаганына Кудай акы башым жетпей койду”

  А.Атамбаевдин кайрадан саясатка аралашуусу тууралуу маалыматтар чыга баштады. Ал түгүл экс-Президентти “катуу сүйгөндөр” “Сөзсүз аралашуусу керек, көп иштерди баштаган (Кайсыл иштерди баштаганына Кудай акы башым жетпей койду) ошол баштаган иштерин аягына чыгарышы керек”- деп да жазып жиберишти. Эгер бүгүнкү коомдогу абалга карап А.Атамбаевдин кайра саясатка аралашуусун талкууласак анда мындай ...

Кененирээк »