Четверг , 12-Декабрь 2019
Башкы бет / 2018 / Март (баракча 2)

Айлык архив: Март 2018

Токтомат Мүсүралиев, пенсионер: «96 жашка чыкканыма карабай өзүмдүн эмгегим үчүн күйүп жүрөм»

Укчу, кагылайын   Редакциянын эшигин каккылап, таягын таянган аксакал киши кирип келиптир. Жаны кашайып, бир маселеге жини келип жүргөнү ачуу сөздөрүнөн эле билинди. Өзүн Токтомат Мүсүралиевмин деп тааныштырды. Быйыл 96 жашка чыгат экен. Ноокен районунан келиптир. Жетекчилердин кылык-жоругу аксакалды жүдөтүп бүтүптүр. 96 жашка чыккан атаны жаш баладай кылып ойноткон Ноокен ...

Кененирээк »

КҮН ТУУДУ

С. Жигитов агайымдын жаркын элесине С. Жигитовдун “ит атаар” икаясы жөнүндө итабар сөз Ар жылдын февраль-марты — ​Салижан агайыбыздын туулган, анан 70 жашка толушуна бир ай жетпей а дүйнө кеткен мезгил. Аны биз окуучулары ар убак унутпай эстеп келебиз. Агай баскан-турган жеринде адамдарга жарык маанай, тамаша-күлкү тартуулап, жаркылдап жүрчү жаркын инсан эле. Окумуштуулугу, акындыгы, ...

Кененирээк »

Р. Отунбаева, экс-президент: «Интернеттен Англиядагы бир үйдүн сүрөтүн илип коюшуп, ал РОЗА Отунбаеванын Лондондогу тамы деп мени каралаганга аракеттеништи»

Президенттин чындыгы   (Башталышы мурунку сандарда) – Мен ошондо, жанымдагы экөөнө бир сөз айтпай, Атамбаевге телефон чалдым: “Биз ушундай оор ситуациядабыз, кандай жардам-кеңеш айтасыз?” – деп айттым. Ал болсо: “Корксоңор, анда мындай ишке барбай эле койбойсуңарбы?” — ​дегенде, менин көзүмө жаш толуп, калтаарып сөз айталбай калдым да, телефонду өчүрүп салдым. Биз эшикти ...

Кененирээк »

Шаирбек Бопонов, милициянын полковниги: «Биздин кызмат ардактуу да, жооптуу да»

  Бүгүнкү күндөгү, чоң-кичүү дебей, шаарларыбыздын негизги көйгөйү автоунаалардын кыймылына байланышкан жолдордогу, көчөлөрдөгү тыгын маселеси. Мындай кырдаал айрыкча баш калаабыз Бишкекте өзгөчө көйгөйлүү. Мына ушул кырдаалды жөнгө салууда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкерлери күн-түн дебей алпурушуп келүүдө. Төмөндө аталган башкармалыктын начальниги, ...

Кененирээк »

Мамлекеттик казынадан миллиондорду уурдагандар качан жазаланат?

Окурмандын ою Урматтуу Сооронбай Шарипович, коррупцияны  Ө. Бабановдон баштайм дедиңиз эле, тилекке каршы коррупция Ө. Бабановдон эмес, бийлик бутактарынан чыгып жатканы жана ага карата эч кандай чара көрүлбөй жатканы өкүндүрүп келет. Мисалга алсак, ЖЭБдеги 386 миллион доллар акчанын санын болоор-болбос шаймандарга кетиргендиктери! Кыргызстан балдарга жөлөкпул үчүн  500 сом бере албай ...

Кененирээк »