Четверг , 12-Декабрь 2019
Башкы бет / Дайджест / КИМГЕ АЙТАМ КҮЙҮТҮМДҮ…

КИМГЕ АЙТАМ КҮЙҮТҮМДҮ…

Шектүү майорго качан кишен салынат?

Кыргыз Республикаксынын

Президенти С.Ш.ЖЭЭНБЕКОВго

Эмгек ардагерлери, жубайлар:

Султан МУКАШОВдон,

Зуурабубү ИМАНБАЕВАдан

(Атбашы району, Карасуу а., Жумабаев к. -11 т.: 0700 49 22 83 )

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сизге чейин 5 жолу Башкы прокуратурага арызданып, Жолдубаевага кире албай, эч натыйжа чыкпаган соң, айла кеткенде өзүңүзгө кайрылууга мажбур болдук. 2017-жылдын сентябрында тергөө ишин УКМКага өткөрүп берүү талабы менен экс-президент А.Атамбаевге кайрылып, биздин арызыбыз Башкы прокуратурага, андан Чүй облпрокуратурасына, акырында УКМКанын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Арадан 5 ай өтсө да, УКМКанын тергөө башкармалыгы ишти карабай жатат. Кеп төркүнү төмөнкүдөй:

49 жаштагы уулубуз Бакытбекти 2016-жылдын 23-октябрында автомашинасын саткан күнү, кечкурун, тааныштары үйдөн чакырып чыгып кетип, дайынсыз жок болуп, 2 күндөн кийин БЧКанын ГЭС-2 жагынан белгисиз адам катары сөөгү табылган. 31-октябрда моргдон таанып, Атбашыга алып кеткенбиз. Айылга алпарганда Бакытбектин денесиндеги күч колдонуунун белгилерин көрүп, арыз жазып, баламды Атбашы райондук жана Нарын облустук экспертизага караттык.

Бакытбектин өлтүрүлгөндүгү боюнча шектүүлөрдүн бири болуп эсептелген Ч.Аман 23.10. күнү уулубузга автомашинаны сатууга ортомчу болгон жана канча акчасы бар экендигин билген. Ошол күнү Аман менен кошо баламды үйүнөн алып кетүүгө ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкери, майор Н.Жыргалбек, Т.Чолпонбек дегендер келишип, дарбазанын сыртында бир топко чырдашып туруп, андан соң, уулубузду белгисиз тарапка алып кетишкен.

Сөөк табылгандан кийин, Аламүдүн райондук судмедэксперт менен тергөөчү уулубуздун бети-башында киши тааныгыс болгон тамтыктарына карабай, киши колдуу болгондугун жашырып, кылмышты жашыруу максатында анын денесиндеги тактардын көлөмүн 0,5-5 см.ден ашпайт деп көрсөтүп, ошондой эле Бакытбек муунтулгандыктан, тили оозунан чыгып турса да, мойнундагы кыйылган такты жазып көрсөтпөй, жашырып, мас акыбалда сууга чөгүп өлгөн деп жыйынтык чыгарышкан. Ошол эле судмедэксперт 25.10.16. Тергөөчү Л.Арынованын токтомунун негизинде судмедэксперт А.Качкынов чыгарган 301-баштапкы корутундусунда денедеги жаракат 7 күндөн көп эмес мөөнөттүн аралыгында болгон десе, ошол эле судмедэксперт тарабынан 25.11.16. башталып, 19.01.17. бүткөрүлгөн экспертизанын корутундусунда жаракат өлөрдөн 1 күн мурда алынган деп көрсөтүлгөн. Бул боюнча тергөөчү Арынова бир да жолу сурак жүргүзгөн эмес. Кийинки Ат-Башыда өткөрүлгөн судмедэкспертизанын протоколунда (2.11.16., судмедэксперттер: Ж.Жуманалиев, Б.Кабылов, тергөөчүлөр: И.Бейшеналиев,

Р.Өмүрсаков) жаракаттардын көлөмү 18-20 см. экендиги даана көрсөтүлгөн. 26- октябрдан 4-ноябрга чейин Свердлов РИИБы тергөө бөлүмү тарабынан топтолуп, Аламүдүн РИИБүнүн тергөө бөлүмчөсүнө өткөрүлүп берилген материалдар тергөөчү Л.Арынова тарабынан делодон жок кылынып, материалдардын катар номерлери өзгөртүлүп салынгандыгы түшүнүксүз болууда.

Уулубуз Бакытбек өлтүрүлгөн күнү аны кечке жуук үйдөн алып кетип, чогуу арак ичишкен майор Жыргал Н., Аман Ч., Т.Чолпонбек сыяктууларды изин суутпай кармап, суракка алып, кылмышты ысыгында ачкандын ордуна, соңку 17 айда:

Бизди сандалтып, кайра-кайра убара кылып, тергөөчү Л.Арынова кылмышты жаап-жашырууга жанталашып, жазган 3 арызыбызга Аламүдүн милициясы бир да жолу жооп берген жок. Натыйжада, тергөөчү убакытты атайылап создуктуруп отуруп, 25.02.17. КР КПКанын 225-беренеснин 1-6. 2-п. (жетишерлик далилдин жоктугу) негизинде кыскартып салган. Бирок, Арыновадан 14.04.17. жыйынтык тууралуу сурасак, жашырып, эчтеке айткан жок. Ороңдоп, чоң ата-чоң энесиндей болгон бизге катуу сүйлөдү. 19.04. күнү Башкы прокуратурага барсак, алар ошол күнү бизди Чүй облпрокуратурасына баргыла дешти. Облпрокуратурадагылар Аламүдүн райпрокуратурасына жиберишти… Тергөөчү Арыновадан кылмыш ишинин кыскаргандыгы тууралуу жоопту 2-майда, арадан 66 күндөн кийин гана, чыркырап ыйлап, жаман көрүнүп отуруп, араң алдык. Арынованын үстүнөн мурда да Аламүдүн райпрокурору К.Абдраимовго арыз жазганбыз. Тергөөчү Арынованын райпрокурорго кашы жактыбы, кай жери жакты – бизге белгисиз. Чара көрүлбөдү – эч кандай жооп жок.

Киши өлтүрүлүп, анын ата-энеси, үй-бүлөсү: 4 баласы, аялы канкакшап отурушса, качанкыга чейин Арыновага окшогондор тайраңдап, кылмышкерлер менен тил табышып, кылмышты жаап-жашырып жүрө берет?!

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Соңку 17 айда акыйкат издеп: барбаган жерибиз, кирбеген эшигибиз калган жок. Таянган тообуз – уулубуз Бакытбегибизден гана эмес, далай жолу ооруканага түшүп, ден соолугубуздан да ажырап отурабыз. Уулубуз Бакытбектин өлүмүнө байланышкан өзгөчө оор кылмышты ашкерелөөнү өз көзөмөлүңүзгө алууңузду, тергөөчү Л.Арыновага окшогон жоопкерчиликсиз, жөндөмсүз жана тарбиясыз тергөөчүгө тийиштүү чара көрүүңүздү, ошондой эле УКМКнын тергөө башкармалыгын жогоруда аталган өзгөчө оор кылмышты тергөөнү создуктурбоо үчүн өз көзөмөлүңүзгө алууңузду көптөн-көп суранабыз.

“Жаңы Ордо” гезити. №10 (583),  30-март, 2018-жыл

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс