Четверг , 12-Декабрь 2019
Башкы бет / Дайджест / К. Кошалиев: «Жергиликтүү бийлик ким аркылуу бийликке келсе, дале ошого кылчактап, жаңы бийликке кайдыгер мамиле жасап жатыптыр…»

К. Кошалиев: «Жергиликтүү бийлик ким аркылуу бийликке келсе, дале ошого кылчактап, жаңы бийликке кайдыгер мамиле жасап жатыптыр…»

Элдин үнү

 

Учурда жаз келип, коом демейдегиден активдешип, эки элдик революциянын талаптары менен сабактары кызуу талкууга алынып жаткан мезгилде Туруктуу Элдик Кеңеш-ТЭКтин төрага орун басары Кадыр Кошалиев менен маектештик.

-Кадыр мырза, Кыргызстанда 2005-жылы — 24-мартта жоогазын аталышындагы алгачкы элдик революция болуп өткөн эле. Сиз жана башка жарандык активисттер бул күнү Жалал-Абад шаарында болуп кайттыңыздар. Барган иш сапардын акыбети болуп, максатына жеттиби?

-Албетте, өз максатына жетти, — болгондо да биз күтпөгөн жемиштүү жактары болду. Биринчи элдик революциянын учурунда мен да Жалал-Абадда бир жума бою болуп, элдик губернатор Ж. Жээнбековду шайлаган Курултайды өткөрүүгө салым кошком. Акаевдин үй бүлөлүк-кландык бийлигин кулатууда Жалал-Абад өзгөчө роль ойногонун эч ким жокко чыгара албайт. Биздин баргандагы максатыбыз да ошол орошон окуяны эскерип, революцияга катышкандарды ТЭКтин атынан куттуктап, өткөнгө талдоо жүргүзүп, болочокту бирге болжошолу, Президент С. Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү жана коррупцияга каршы иш-аракеттерин колдойлу, апрель айында Бишкекте өтө турган Элдик Курултайга карата аймактардагы даярдыктардын жүрүшү менен таанышалы — ​деген тилегибиз бар эле.

-Жергиликтүү бийлик сиздерди кандай кабыл алды жана бул тарыхый датага кандай мамиле жасашты?

-Мен бир жума алдын ала барып, уюштуруу — иштери менен алек болдум. Жергиликтүү активисттер менен бирге мыйзамдан чыкпай аракеттендик. Алгач жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кат аркылуу да, көзмө көз да маалымат берилди. Облустун губернатору К. Сатыбалдиевге, Жалал-Абаддын мэри С. Авазовго жолугуп, максатыбызды ачык айтып түшүндүрдүк, мыйзамга ылайык иш бараткан соң, башында ачык каршы боло алышкан жок.

Биринчи вариант боюнча аянтка көп эл чогултуу маселеси да бар болчу. Облусттун жетекчиси Кыянбек мырза: “Жок жерден көйгөй жаратып албайлы, экс-президент менен Президент С. Жээнбековдун ортосуна от жаккандар ансыз да көбөйүп жатканда ушунун кереги жок го, Кадыр аке”, — ​деп сыпайы өтүнгөнүнөн жабык залда өткөрүүнү туура көргөнбүз. Бизге чейин эле Март революциясынын каармандары менен мэриянын биргелешкен иш-чарасы бар экен, биздин сунуш боюнча үч тарап болуп Барпы театрынын кичи залында чогуу өткөрүү макулдашылган. Анан эле иш-чара өтө турган күнү башталарына саналуу мүнөттөр калганда мэр С. Авазов революциянын каармандарын алдынан тосуп чыгып, лидерлери менен биздин көзүбүзчө кучакташып көрүшүп, кулагына бир нерселерди шыбырап, элдин бир бөлүгүн алдын ала даярдалган майрамдык дасторконго, “Салкын” кафесине бөлүп алып кирип кетүүгө камынганда журналисттердин армиясы бизге жакшы жардам берди. Калган маалыматтын баары интернетте видеосюжетте жүрөт.

-Расмий иш-чараны бүтүрүп, андан — кийин деле чайга барышса болбойт беле, эмне үчүн алар силерден бөлүнүп кетүүнү туура көрүштү?

-Туура, сиз байкагандай, ал күнкү — иш-чара эки бөлүктөн туруп, майрамга байланышкан биринчи бөлүктөн кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, март революциясынын каармандары кааласа калып, болбосо өз программалары боюнча кетишмек болгон. Уккан кулакта жазык жок эмеспи, С. Авазов жергиликтүү элдин айтымында, “шофердун” адамы дегенин эшитип калган жаныбыз, ай кандай болор экен деп кооптонуп турганбыз. ”Калк айтса, калп айтпайт”- тура, дал ошондой болуп чыкты. Президент С. Жээнбековдун ишмердүүлүгүн колдоо, анын абройун көтөрүү ачык эле кээ бир жергиликтүү жетекчилерге жакпаганы байкалды. Күч структуралары дагы да болсо, эки жагын карап, ким аркылуу кызматка келген болсо, ошол адамга көз карандылыгы сакталып калгандай түр калтырды. Ал тургай элдин башын чаргытып, коомчулукка жаман көрсөтүү үчүн бизди заматта “атамбаевчилер”- деп атап жиберишти.

-С. Авазов элди бөлүп, чайга алып  кирип кеткенден кийин Сиздер жыйынды кандай өткөрдүңүздөр?

Бир жаңсыл болуп, ошондой болгонубуз — да дурус болуптур. Сырттан журналисттер үчүн чакан маалымат жыйынын өткөргөндөн кийин залга кирип, ТЭКтин көчмө жыйынын өткөрдүк. Учурдагы коомдук-саясий абалды талкуулап, Республикалык Курултайга даярдыктардын жүрүшү жөнүндө кеңештик. Талаш-тартышы жок тынч өттү, күн тартибиндеги маселени ачык талкуулап, 7 пункттан турган Чечим кабыл алдык.

Маектешкен Эмилбек Момунов

“Жаңы Ордо” гезити. №10 (583),  30-март, 2018-жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс