Четверг , 12-Декабрь 2019
Башкы бет / Дүйнө / Ирандын Хорасан-Резави провинциясына 10 млн.дон ашуун зыяратчы жана турист барды

Ирандын Хорасан-Резави провинциясына 10 млн.дон ашуун зыяратчы жана турист барды

Категория: Туризм – Published: 31/03 – 14:57

Ирандын Хорасан-Резави провинциясына 16-марттан 29-мартка чейин 10 млн. 435 миң турист барды.

Мындай маалыматты  Хорасан-Резави провинциясынын туризмди өнүктүрүү уюмунун өкүлү Мехди Фарузан билдиргенин  Fars агенттиги жазды. Анын айтымында, зыяратчы жана туристтердин саны өткөн жылдын ушул  мезгилине салыштырмалуу 9%га өскөн. Туристтердин 833 миң 131и жол жана коомдук транспорт менен барган, бул көрсөткүч өткөн жыл менен салыштырганда, 1,4%га азайган.

Поезд менен 286 миң 266 турист барып, 4%га көбөйгөн. Ал эми самолет менен 184 миң 650 зыяратчы жана турист барып,  бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 8,6%га азайган. Мындан тышкары, Хорасан Резавиге өз транспорту менен барган адамдардын саны 9 млн. 131 миң 544кө жеткен. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 11%га көбөйгөн.

Аталган провинциядагы ыйык Мешхед шаарына 16-марттан 29-мартка чейинки мезгил аралыгында 6 млн. 165 миң 867 киши барган. Туристтердин саны өткөн жылга караганда 8%га көбөйгөн.

Белгилей кетсек, Хорасан Резави провинциясына күн сайын орточо эсеп менен 745 миң 399 турист жана зыяратчы кирет. Анын ичинен 440 миң 419 киши Мешхед шаарына барат. Мешхед – Ирандын түндүк-чыгышында жайгашкан экинчи ири шаар. Хорасан провинциясынын административдик борбору. Өлкөдөгү башкы  туристтик шаарлардын бири болуп эсептелет.

Мусулман шииттердин ыйык шаары. Имам Резанын күмбөзү жана Мешхедге жакын жерде фарси жана тажик акыны Фирдоусинин күмбөзү бар. Имам Резанын күмбөзүнө жыл сайын Ирандын ар кайсы провинцияларынан жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн миллиондогон зыяратчылар келишет.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс