Вторник , 16-Октябрь 2018
Башкы бет / Дүйнө / “Тахт-е Солейман”: Иран цивилизациясынын тарыхынын борбору (фото)

“Тахт-е Солейман”: Иран цивилизациясынын тарыхынын борбору (фото)

Категория: Маданият – Published: 26/03 – 12:12

Тарыхый “Тахт-е Солейман” комплекси Иран цивилизациясынын эң белгилүү борборлорунун бири болуп эсептелет.

Тарыхый “Тахт-е Солейман” же “Сулайман тактысы” комплекси Ирандын түндүк-батышындагы Текаб шаарына жакын жерде орун алган. Ал өзүндө биздин эрага чейинки I кылымдан бери биздин эрадагы XVIII кылымга чейинки тарыхый эстеликтерди сактап турат. Бул тууралуу ISNA агенттиги жазды. Тахт-е Солейман Иран жана дүйнө цивилизациясынын эң маанилүү жана эң белгилүү борборлорунун бири болуп саналат. Эстелик 2003-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. Аталган комплекс Батыш Азербайжан провинциясында деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте жайгашкан. Аянты 124 миң квадрат метрди түзөт.

Айрым маалыматтарга караганда, бул жерде Заратуштра туулган. Мындан тышкары, комплекстин аймагында тарыхтын ар түрдүү мезгилдеринде мидиялыктар, Ашканиддер, Сасаниддер жана монголдор жашаган. Бул жерде Сасаниддер тушундагы чеп бар. Ошондой эле династиянын тушундагы абдан маанилүү зороастралык ибадаткана бар. Ибадаткананын комплексинде ошондой эле Анахита кудайынын урматына курулган чиркөө бар. Тахт-е Солейманга жакын жерде вулкандын ордунда бир нече миң жыл мурун пайда болгон тоо жайгашкан. Жергиликтүү жашоочулар аны Сулаймандын зынданы деп аташкан. Анын аталышы менен бир уламыш байланыштуу: Сулайман падыша буйруктарына баш ийбеген жиндерди ушул тоого камаган өңдөнөт. Комплекстен 40 км. аралыкта таң каларлык көл бар. Анын диаметри 80 метр, ал эми көлдүн ортосунда диаметри 60 метр болгон арал сүзүп жүрөт. Бул арал күн сайын шамалдын багытына жараша ар кайсы багытка жылып турат.

Тахт-е Солейман исламдан мурун ири диний, билим берүү жана коомдук борбор болуп эсептелчү. Комплекс 624-жылы Византиянын императору Ираклийдин армиясынын кол салуусуна улам зыянга учураган. Арабдардын жеңип алуулары учурунда Тахт-е Солейман жайкы курорт катары колдонулган. Буга байланыштуу комплекстин аймагында жаңы курулуштар пайда болгон. Бүгүнкү күндө Тахт-е Солейман Ирандагы эң белгилүү жерлердин бири болуп эсептелинет. Жыл сайын дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүнөн туристтер агылып келип турат.

http://www.ca-irnews.com/kg/

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс