Среда , 1-Апрель 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Иранда иш сапар менен жүргөн кыргызстандык айымдар ИИРдин Маданият жана Ислам байланыштары уюмунда болушту (фото)

Иранда иш сапар менен жүргөн кыргызстандык айымдар ИИРдин Маданият жана Ислам байланыштары уюмунда болушту (фото)

Категория: Башкы жаңылыктар — Published: 27/02 — 09:32

Кыргызстандан Иранга барган айымдар делегациясы менен Иран Ислам Республикасынын Маданият жана Ислам байланыштары уюмунун жетекчисинин орун басары Мухаммад Хусейн Хашеминин жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу “CA-IrNews”  агенттиги кабарлады. Хашеми Кыргызстандан барган өкүлдөр менен жолугушуу учурунда Иран менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн ортосунда маданий байланыштарды жана диндер аралык диалог түзүү жана бекемдөө үчүн жооптуу болгон уюмдун маанилүүлүгү жөнүндө сөз сүйлөдү. Ал Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүн баса белгилеп, Иранга келген бул делегациянын сапары эки тараптуу маданий жана илимий мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөт деди. Анын айтымында, Ирандагы аялдар өлкөнүн жашоосунда жигердүү роль ойнойт. Ал Ирандын ЖОЖдорундагы мугалимдердин 60 пайыздан ашууну аялдар экендигин жана студенттердин 52 пайызы кыздар экендигин баса белгиледи.

Анын айтымында, аялдар өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошот. Иранда ар жыл сайын 4 миңдей китеп басылып чыкса, алардын кээ бирлеринин авторлору аялдар болуп саналат. Эки сааттык жолугушуунун алкагында кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө талкуу жүрдү. Кыргызстандын ЖОЖдорунан барган өкүлдөр кызыкчылык жараткан чөйрөлөрдө изилдөө, мугалим жана студенттер менен алмашууда биргелешкен кызматташтык жүргүзүүнү сунушташты.

НТС телеканалынын журналисти Аниса Асанбекова Иран менен Кыргызстандын телеканалдарына трансляциялоо үчүн эки өлкөнүн табияты жана кооз жерлери тууралуу биргелешкен даректүү тасма тартууну сунуштады. Ирандын  Маданият жана Ислам байланыштары уюмунун жетекчиси айтылган баардык сунуштарды кубаттап, алар Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүгү тарабынан каралат деп белгиледи.

http://www.ca-irnews.com/kg/breaking-news-kg/

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс