Понедельник , 17-Июнь 2019
Башкы бет / Дүйнө / Тынчтык жана согуш учурдагы оор абалда Пакистандын максаттары кандай?

Тынчтык жана согуш учурдагы оор абалда Пакистандын максаттары кандай?

Категория: Аналитика – Published: 02/11 – 08:54

Эки жылдан бери дайыны билинбей калган төрт тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрү Омандын борбору Маскатта жыйын өткөрүү менен кайрадан ишин баштады.

Бул төрт тараптуу сүйлөшүүлөрдүн максаты – ооган талиптери менен өлкөнүн өкмөтүнүн (башкача айтканда Гани менен Абдулланын коалициясынын) ортосуна тынчтык орнотуу.
Бул жол аркылуу ооган өкмөтүнүн куралдуу душманы, тактап айтканда талибан да тынчтык жараянына кошулууга жана саясий умтулууларын тынчтык жолунда көздөөгө тийиш.
Жаңы сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабында кабыл алынган чечим боюнча Пакистан террордук топторго каршы олуттуу иш алып баруусу керек жана аларды аймагынан кууп чыгууга тийиш.
Бул сүйлөшүүлөрдүн башталышы ар кандай көз караштардын кагылышуусу менен башталды:
Айрымдар бул абалды Трамптын Ооганстандагы стратегиясынын жана Американын Пакистанга кылган кысымынын натыйжасы деп билишет. Ошондой эле алар Пакистан катуу корккондуктан өзүнө басымды азайтуунун жана террорчулук менен күрөшүүдө, Ооганстанда тынчтыкты камсыз кылууда ачык-айкын иш алып барып жатканына Американы ынандыруунун чарасын көрүүдө деп ойлошот.
Башкалары бул сүйлөшүүлөр менен жаңы нерсе, жаңы окуялар болуп кетпейт деген ишенимде. Бул сүйлөшүүлөрдөгү суук мезгилде  аба ырайынын начардыгынан талибандардын ооган өкмөтүнө кол салуулары азаят деген ишенимдер кадимки эле Пакистандын оюну. Кайрадан эле жылуу айлар келет жана кайра эле баягы аш менен баягы табак.
“Бул сүйлөшүүлөрдүн негизги эки тарабы талибандын тарапташы Паксистан жана Кабул өкмөтүнүн ири колдоочусу Америка ар бириси өздөрүнүн максаты менен Ооганстандагы коопсуздук жагдайды чечүүнүн үстүндө иш алып барышууда”, – бул дагы бир тараптын көз карашы.
Америка Ооганстан маселесине 17 жылдан бери аралашуусун эске алуу менен эгер боло турган болсо бир тынчтык келишими менен талиптерди Кабул башчыларынын тобуна кошуп коюу менен өлкөнүн коопсуздугун саясий жагынан чечүүгө жана АКШны бул өлкөдөгү чыгымдарынан кутултууга кызыкдар.
Бул иштердин белгилери Американын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун 23-октябрда Кабулга болгон күтүүсүз сапарында көрүнүп турат. Ал талибандын жок болуусу жана америкалыктар аларды жок кылуусу тууралуу кеп кылган жок. Болгону талибандын согушта утуп чыгуусу мүмкүн эмес экенин түшүнүүлөрү керек экенин айтты.
Р. Тиллерсон Баграм базасында Ооганстандын президенти Ашраф Гани Ахмадзай менен жолугушту. Ал бул жолугушуудан кийин  “Талиптер бул согушта жеңип чыга албастыгын түшүнүүлөрү жана ооган өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр болуулары керек. Биз алардын согушта жеңип чыгуулары мүмкүн эместигин түшүндүрүү үчүн талиптерге жана башка топторго каршы күрөшүү боюнча ишибизди улантарыбыз белгилүү”, -деп сүйлөдү.
Ошондой эле ал “Талиптер арасында жүздөгөн жоокерлер согушту улантууну каалабастыгы угулууда. Ошондуктан биз ошолор менен келишимге келүүнү караштырып жатабыз. Алар тынчтык жараянын орнотуу максатында элдешүү менен ооган өкмөтүнө  толугу менен аралаша алышат.Өкмөттө алар үчүн орун бар. Алар алдыга жылуу үчүн террорчулуктан, зордук-зомбулуктан баш тартып, туруктуулук менен Ооганстанга макул болуулары керек”, – деп сүйлөдү.
Ал эми Пакистан чындыгында кандай максаттарды көздөп жатканын талкуулоо кыйын. Эң жөнөкөй жооп жогоруда айтылгандай, Ооганстан жана анын союздаштары менен ойноо, убакытты өткөрүп, тарапташтарды сүйлөшүүлөргө жеткирбей сүйрөө болуп эсептелет. Эми бул жерде суроо туулат. Пакистандыктардын бул оюну баарына белгилүү болсо дагы Америка менен Ооганстан дагы эле аларга бул оюнун кайталоосуна, сүйлөшүүлөргө катышуусуна жол бериштиби же башка бир себеби барбы?
Башка божомолдор да бар. Сыягы Ооганстан кризисиндеги негизги тараптардын ортосундагы жок эле дегенде талиптердин бир тобун сүйлөшүүгө катышууга көндүрүү макулдашуусу бир себеби болуп саналат.

Ооганстан, Пакистан жана Американын ортосундагы мамилелер, Пакистан армиясынын командиринин аймакка болгон сапарлары жана ошондой эле талибандын Орусия тараптан каржыланып жатканынын баса белгилениши, Пакистандын сүйлөшүүлөргө талиптерди алып келүүгө берген убадасы талибандын ийгилиги үчүн пландардын иштелип жаткандыгынын белгиси.
Бул эмнени билдирет? Пакистан Ооганстандагы маанилүү кысымын токтотот дегениби? Албетте, жок. Талибан Пакистандын негизги тандоосу болуп кала берет. Бирок, Пакистан талибан топторунун ортосундагы ажырымдарды пайда кылуу менен экиге бөлүп, бир бөлүгүн тынчтык жараянына алып келип, бир бөлүгүн согушка коюп кое алат.
Пакистандын башка максаты да бар. Аскердик кысым көрсөтүү жана оор согуштарды алып баруу миссиясын ИШИМ уюмуна калтырып, алар менен ушул убакка чейин макулдашууларды жүргүзүп келген жана талибандын күчтүү канаттарынын бири Хаккани тобу аркылуу аскердик кысымдарын уланта берет. Ал эми талиптердин жок дегенде аты чыккан командирлеринин бир бөлүгүн жөн эле убакытты алган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакырып коет.
Ошондой эле Пакистан эгер талиб режими ооган өкмөткө кире турган болсо, Пакистан тараптын жактоочулары көбөйүп, согуш аркылуу жетпеген максаттарына тынчтык аркылуу жетем деген үмүттө болушу да ыктымал.
Эскерте кетсем, Гульбеддин Хекматиярдын Ооганстан өкмөтүнө келиши, өлкөнүн улуттук  биримдик өкмөтүнө кошулуусу Пакистандын кызыгуусусуз эле ишке ашкан эмес.
Эми мындай суроо жаралбайбы? Талибандардын бир бөлүгү тынчтык жараянына кошулса, бир бөлүгү Ооганстандагы таасирин күчөтүү үчүн иштеп жатабы?
Бул суроого жооп берүү албетте, оңой эмес. Пакистандын учурдагы кырдаалда жүрүш-турушун талдай турган болсок, оор кагылышуулардын алдын алуу үчүн америкалыктардын ачуусун бир топ даражада басуусу жана тынчтандыруусу керек. Бул жүрүм-турумдарды тактикасынан стратегиясына чейин өзгөрүүсү деп чечмелесек болот. Пакистандын стратегиялык өзгөрүүсү өлкөнүн Ооганстандын келечегиндеги бир катар маселелерин алып салуу жана жокко чыгаруусу экенин баса белгилей кетүүбүз керек. Бирок, бул жагынан Пакистанга оң келбейт.
Акыркы бир нече күн ичиндеги негизинен ооган күчтөрүнө багытталган талиптердин кол салууларын дагы эки түрдө талдоого болот.
Биринчиден, эч кандай ымалага келүү жок жана мурункудай эле согуш улана бермекчи. Экинчиден, бул аскердик кысымдар талиптердин божомолдонуп жаткан сүйлөшүүлөргө кирүүсүн оорлотуу.
Ошентип Пакистандын Ооганстандан кетүүсүн элестетүү кыйын экени ачык эле көрүнуп турат. Ооганстанда ээлеген ордунан чегинүүгө мажбур кыла тургандай Пакистанга болгон кысымдар өтө деле оор эмес.
Бүгүнкү күндө Ооганстандын шаарлары ИШИМ менен талиптердин тынымсыз кол салууларына кабылууда. Ал эми Пакистан бийлиги Американын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонду муздак кабыл алуу менен америкалыктарга болгон таарынычын билгизүүдө. Бул көрүнүш пакистандыктар дагы америкалыктардын саясатын үйрөнгөнүнөн кабар берип турат окшойт.
Аббас Файяз,

Чыгыш Иран эксперти.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс