Вторник , 11-Декабрь 2018
Башкы бет / Аналитика / Салафизмдин кыскача тарыхый таржымалы жана азыркы күндөгү абалы

Салафизмдин кыскача тарыхый таржымалы жана азыркы күндөгү абалы

Ажимаматов“Салаф” деген сөздүн сөздүк маанисине токтоло турган болсок, “мурункулар” же “алгачкылар“ дегенди туюнтат. Ал эми терминологиялык мааниси келсек, «сахаба-таабийндердин жолун жолдогон мухаддис жана факихтердин жолу» дегенди билдирет. Салафия жөнүндө сөз кылууда өзгөчө сөздүк жана терминологиялык маанилерине көңүл буруу зарыл. “Салаф” сөзү сөздүк мааниде сахаба, табиун жана алгачкы аалымдар үчүн колдонулуп келет. Мунун салафия же салафизм менен түздөн-түз байланышы жок.

Салафиянын этикадда (ишенимде) фырка болуп калыптануусу хижрий III кылымдан (б.з. IX к.) башталат. Хижрий III кылымга чейин асхабул хадистин өкүлү катары эсептелген Ахмад бин Ханбал асхабул хадистин акыйдасына негизделген салафий акыйдасын түптөгөн. Ошондуктан салафиянын эң алгачкы лидери катары Ахмад бин Ханбал болуп эсептелет. Бирок, бул учурда салафия системалуу абалга келген эмес жана тарапкерлери да өтө чектелүү болгон.

Салафиликтин системалуу абалга келишинде орто кылымда Ибн Таймия (1328-жыл) жана анын шакирти Ибн Каййим аль-Жавзия (1350-жыл) деген аалымдардын салымдары чоң болгон. Салафия агымынын азыркы күнгө чейин жетүүсүндө жогоруда аты аталган инсандардын эмгектеринин ролу зор. Алар болбогондо балким азыркы күндө салафия деген агым болбошу да мүмкүн эле.

18-кылымда Мухаммад Ибн Абдулваххаб салафияны андан ары өнүктүрүп, мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыккан. Башкача айтканда, Мухаммад Ибн Абдулвахаб 1744-жылы Дирия шаарынын амири Мухаммед бин Сууд менен келишим түзүп (Иттифакы Дирия), салафиянын саясатташуусуна түрткү болгон. Ошонун негизинде вахабизм деген агым пайда болгон. Вахаби ысымы аларга каршылаштары тарабынан берилгендиги үчүн, бул ысымды өздөрү колдонушпайт. Азыркы мезгилдеги вахабилер диний ишенимдеринде өздөрүн “салафибиз”, “сунний же муваххидуунбуз” деп эсептешет. Азыркы күндө да Сауд Арабия жогорудагы Дирия келишиминин (Иттифакы Дирия) негизинде мамлекеттик идеологиясын жана структуралык системасын улантып келүүдө. Демек, азыркы күндө салафия салафизм абалына келип, Сауд Арабия мамлекетинин расмий мазхабы катары жашап келүүдө.

20-кылымда салафияны идеология абалына келтиргендер Египетте Хасан аль-Баннанын лидерлигиндеги “ихванул муслимин” (мусулман бир туугандар) жана Пакистанда негизделген Мавдудийдин лидерлигиндеги “жамааты ислам” уюму болуп эсептелет.

Салафиянын саясатташуусуна жана радикалдашуусуна дүйнөлүк биринчи согуштан кийинки дүйнөлүк саясий кырдаалдын таасири да чоң болгон. Өзгөчө, 1970-жылдардан кийин салафийлер суудий салафийлер жана жихадий салафийлер деген аталышта эки топко бөлүнүшкөн. Илимпоздордун айтуусу боюнча салафийлердин экиге бөлүнүшүнүн биринчи себеби, батыш өлкөлөрүнүн мусулмандарга карата жүргүзгөн саясаты. Экинчиси, Сауд Арабиянын ички саясий, социалдык, экономикалык жана диний кырдаалдын өзгөрүүсү. Мына ушул кырдаалга каршы пикирин билдирген, оппозициялык маанайдагы салафийлерге «жихадий салафий» деп аталууда.

Жихадий салафиянын өрчүшүндө Салман аль-Авда жана Сафар аль-Хавалий деген аалымдардын ролу чоң болгон. Алар өздөрүнүн билдирүүлөрүндө ислам жана арап дүйнөсүнүн саясий абалына, ички жана сырткы саясатына карата катуу сын-пикирлерин билдиришкен. Алар Сауд бийлигинен жана бийликти колдогон уламалар кеңешинен толук кандуу шарият мыйзамына өтүү, өкмөттүн функцияларын уламаларга өткөрүү, билим берүүнүн программаларын исламга ылайыкташтыруу, медиянын шарияттык негизе айлантуу, биринчи орунда Еврейлерге, дин душмандарга каршы согушуу жана мазлум (зулумдук көргөн) мусулмандарга жардам берүү максатында күчтүү армия түптөө сыяктуу маселелерди талап кылышкан .

Салман Авданын пикиринде мындан сырткары Сауд Арабиядан Батыштан келген адистер жана ыраакы чыгыштан келген ишчилер чыгартылып, өлкө толугу менен капырлардан тазалануусу зарыл.

Суудий салафия болсо Сауд Каролдугунун саясий жана диний позициясын колдогондор. Алар өздөрүн гана чыныгы салафия катары эсептешип, башка көз караштагыларды (салафийлерди) салафий деп атабоого чакырышат. Жихадий салафийлерди тарыхтагы харижиттерге окшоштурушуп гана аларды «харижиттер» деп аташат. Азыркы күндө харижит деген аталышта фырка жок. Алар тарыхта жок болуп кетишкен. Харижиттердин Ибазий колу гана азыркы күндө жашап келүүдө. Ошондуктан, жихадий салафияны харижит деп атоо туура эмес.

Суудий салафиянын башчылары катары Абдуллах бин Баз, Мухаммед Насируддин аль-Албаний, Мухаммед бин Салих Ибнул Усаймин, Абдулазиз бин Абдиллах Ал-Шейх, Салих аль-Фавзан, док. Раб бин Хади аль-Мадхалий, Мукбил бин Хади аль-Вади, Убайд бин Абдиллах аль-Жабирий ж.б. эсептелет.

Зайнабидин Ажимаматов

Преподаватель Ошского государственного университета,
доктор теологических наук

http://www.religion.gov.kg/ru/salafizm.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс