Среда , 17-Октябрь 2018
Башкы бет / Без рубрики / Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Рух МедиаКыргызстанда журналистиканын диний маселелерди чагылдыруу тармагын калыптандырып, өнүктүрүү маселеси 2013-жылы журналисттердин демилгелүү тобу тарабынан көтөрүлгөн. Натыйжада, 2014-жылы «Рух Медиа» диний журналистика борбору» Коомдук бирикмеси Кыргызстандын Адилет министрлиги тарабынан катталып, ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат алган.

«Рух Медиа» Коомдук бирикмеси ыктыярдуу журналисттер тарабынан түзүлүп, өз ишмердүүлүгүн жеке каражатынын эсебинен жасап келатат. Бирикме эч бир диний уюмдун же конфессиянын пропагандалык куралы эмес, коз карандысыз профессионалдык коомдук уюм.

Диний журналистиканы калыптандырып, өнүктүрүү демилгеси Кыргызстан эле эмес, жалпы Борбор Азияда алгачкы жана уникалдуу кадам катары адистер жана эксперттик коомчулук тарабынан жакшы кабылданып келет.

Уюмдун максаты – Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарындагы диний жараяндар тууралуу маалыматтардын сапатын арттыруу аркылуу өлкөдөгү диний көйгөйлөргө негизденген чыр-чатактардын алдын алуу болуп саналат.

Коомдук бирикме өзүнүн уставдык максаттарына жетишүү үчүн диний журналистиканын этикалык-профессионалдык стандарттарын, үлгүлүү нормаларын жана өз ара жөнгө салуучу нускамаларын иштеп чыгып кыргыз журналистикасына сиңирүү аракеттерин көрөт. Биз, ошондой эле, өз ишмердүүлүгүбүздү журналисттер жана жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер үчүн окутуу, тажрыйба алмашуу иш-чараларын (семинар, тренинг, конференция ж.б.) өткөрүү, эл аралык алмашуу программаларын уюштуруу аркылуу жүргүзөбүз.

Биздин көз карашыбызда – диний журналистиканы өнүктүрүү аркылуу диний мүнөздөгү маалыматтардын сапатын арттыруу күн сайын күчөп бараткан диний экстремизм, радикализм жана терроризм коркунучунун алдын алуунун бирден-бир ыңгайлуу жана натыйжалуу багыты болуп калмакчы.

Биздин коомдун ишмердүүлүгү, ачылыш салтанаты тууралуу маалыматтар Ютубда, Фейсбукта жана башка маалымат булактарында бар.

Биз учурда негизги ишмердүүлүгүбүздү азыркы учурда өтө ыңгайлуу жана баардык жарандарга жеткиликтүү болуп саналган өзүнүн интернеттеги сайты (www.ruh.kg) аркылуу жүргүзүүнү колго алуудабыз. Өз сайтыбызда мамлекет, улуттар жана конфессиялар аралык мамилелер, диний экстремизм жана террорчулуктун жолун тосуу боюнча атайын адистешкен ишмерлердин катышуусунда журналистиканын бардык жанрлары аркылуу маалыматтарды таратып келебиз.

2

Байланыш даректери:

Тел.: 0772 52 27 42, 0778 38 88 00

Э-почта: ruhmedia14@gmail.com

Фейсбук аккаунт: https://www.facebook.com/ruhmediakg/

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс